Menu

Бакыт Мамаев, обончу, ырчы: “Сыйлыкты чоңдордун жанында көбүрөөк жүргөндөр алат…”

Бөлүшүү:

Тынымсыз изденүүдө жүргөн, талыкпай аракеттенген жана көпчүлүк өзү теңдүүлөргө караганда активдүү жашоо образын өзүнө түзүп алган өзгөчө чыгармачыл инсандардын бири Бакыт Мамаев. Ал жеке эле чыгармачылык менен алектенбестен, спорттун бир топ түрү менен машыгып келген дасыккан чеберлердин бири. Шамдагайлыгын ар дайым эл алдында далилдеп, сахнада ырдап жатып сальто секирип, азыркы күнгө чейин күйөрмандарын кубантып келет. Мына ушундай өзүн ар дайым сергек алып жүргөн ырчы жакында эле неберелүү болуп, чоң аталык жоопкерчиликти сезип турган учуру.

-Бакыт мырза, чоң ата болгон кандай экен? Дале сальто секирип жүрөсүзбү же токтолуп калдыңызбы?

– Чоң ата статусуна ээ болгондон бери токтоло түштүм. Бирок спорт менен машыгууну эч качан токтотпойм. 60-70 жашка чейин сальто секире берем го. Спорт менен бардык эле адамдардын эрки жетип машыга беришпейт. Кудай ден соолук берсе шамдагай болууга эмне жетсин?! Чоң ата болдуң деген сөздүн өзү эле адамды бир топ жоошутат экен. Куда-сөөк, келин-кезектин көзүнчө баягы шадыраңдаган Бакыт жок. Неберелүү болгон күнү абдан толкунданып, эзели жашыбаган жаным көзүмө жаш алдым. Ушул күнгө жеткирген Кудайга миң мертебе ыраазымын.

– Акыркы кезде жаңы клиптериңизди, өзүңүздү дээрлик телевидение, гезит беттеринен көрбөй калдык. Тыныгуу жасап жатасызбы?

– Тыныгуу деле жасаган жокмун. Акыркы жылдары жеке музыкалык мектеп ачам деген тилегимди орундатам деп, курулуш иштерин жасап жатып жеке өзүмдүн чыгармачылыгыма дээрлик чолоом тийбей калып жатат. Өзүмө клип тарттырып, жаңы ырларды жаздырбасам дагы окуучуларым үчүн бир топ жаңы ырларды жаздырып, жеке концерттерин берип, тушоолорун кесип жатам. Мен тарбиялап өстүргөн окуучуларымдын алды коомдук телеканалдын алдыңкы алып баруучулары болуп чыга келишти. Окуучуларымдын ийгилиги – менин ийгилигим. Мындан сырткары менин ырларымды жаңылап ырдайм деген жаштардын катары көбөйүүдө. Ар бири менен тыгыз иштешип жатам. Жакында эле Ишен Назаров деген ырчы жигит менин “Кечикпечи” аттуу ырымды жаңылап ырдап чыкты. Мындан сырткары “Бойдоктор”, “Арзуу”, “Жүрөктөш” аттуу ырларымды жаш ырчылар жаңылап ырдап жүрүшөт. Акыркы эки жылда бир эмес, эки топ түзүп, алардын да чыгармачылыгын көзөмөлдөөдөмүн. Мына ушундай иштер менен алектенип жүрүп өзүмдү жарнамалоого убакыт таппай калып жатам.

– Сиздер азыркы замандагы социалдык тармактар жок кезде атактуу болгонсуздар. Азыркыга салыштырмалуу бир топ эле түйшүк тартсаңыздар керек?

– Чынында сиз айткандай ошол учурда чыныгы, нукура таланты барлар гана элдин жоон тобунан суурулуп чыккан окшойт. Ал учурда социалдык тармак эмес, телефон да жок болчу. Продюссер эмне экенин билчү да эмеспиз. Азыркыдай фонограмма деген түшүнүк да жок эле. Азыр болсо телефонуңа кыскача бир видео тартып чыгарсаң деле атактуу боло берет турбайсыңбы. Учурдагы атактуулардын көбүн биздин убактагыдай жандуу ырдатып, ошол кездегидей түйшүк тарттырса балким электин көзүнөн өтпөй калган улпактай көбү иргелип калса керек. Канчалык заман жеңил болбосун, баары бир эл деген чыныгы таланттарды өзү эле иргеп алат. Ошол үчүн М.Баетов, К.Молдобасанов өңдүү залкарлардын чыгармалары азыркыга чейин актуалдуулугун жоготпой келет.

– Сиз теңдүү ырчылардын көбү мамлекеттик даражалуу сыйлыктардын ээси болушту. Билишиме караганда мамлекеттик сыйлыгыңыз жок…

– Акыркы кезде мамлекеттик сыйлыктын барк-баасы төмөндөп кеткенин, аны тыйынга баалап алган айрым чыгармачыл жаштар далилдеп койгондой. “Эмгек сиңирген артист” деген наамды элим мага эчак эле берип койгон деп ойлойм. Анткени ырларым калктын калың катмарына сиңип кеткен. Кайда барбайын кадырлап тосуп алаар элим бар. Элиме ак кызмат кылуудан эч качан чарчабайм. Наамды сатып алып уялып, эч кимге айта албай жүргөнчө элиңдин батасын алып, төрүндө отурган артык. Эмгегимди өкмөт үчүн эмес, элим үчүн жасайм. Негизи мамлекеттик сыйлыкты чоңдордун жанында көбүрөөк жүрсөң алат экенсиң, а мен өмүрү чоңдорго ырдабаган кишимин да…

Маектешкен: Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: