Menu

Экс-судья Эмилбек Мамытовдун алтымыш эшекке жүк карыздары…

Бөлүшүү:

Экс-судья Мамытовдун «эшек» жүктөрүн изилдеп, анын дагы алтымыш эшекке ылайык башка жүктөрүн таптык. Бизге жеткен маалыматка ылайык, экс-судья Мамытов Эмилбек менен анын баласы Эмилбеков Мырзабек белгилүү бир кыргызсгандык банкка 350 000 доллардан ашык карызы бар экен. Белгилүү себептерден улам банктын атын атаган жокпуз.

Өкүнүчтүүсү экс-судьяны кыргызстандык экспресс-почта компаңия дагы карызын ала албай издеп жүрүптүр. Көрсө, Мамытовдун уулу Мырзабек бир жыл мурун почта кызматын колдонуп кат жөнөтүп, акчасын бүгүнкү күнгө чейин төлөбөй качып, карматпай жатыптыр. Кызыгы, карызы болгону 1000 сом эле экен! Демек, экс-судья Мамытов Эмилбек ири суммадагы карыздарын төлөмөк тургай, миң сомдук карызын төлөгөнгө дагы чамасы жетпей, миң сом үчүн башкаларды дагы алдаганга даяр экени ачыкка чыгып отурат.

Эмесе, экс-судья Мамытов Эмилбек менен уулу Эмилбеков Мырзабек кимдерди канча суммага сызга отургузгандарын эсептеп көрөлү:

1. «Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы» – 6 295 842 сом (90 000 долларга жакын), бул факт боюча Башкы прокуратура иш козгогон.

2. Белгилүү бир кыргызстандык банкка 350 000 доллардан ашык карызы бар экен.
Арийне, банк азыр экс-судья Мамытов Эмилдин өзү үй-бүлөсү менен турган Бикектеги Осмонкул 106 дарегиндеги үйүн өз балансына өткөрүп алыптыр. Эми минип жүргөн лексус GХ-470 машинасын, офистерин алам деп сотко доо арыз бериптир. Эгер мыйзам чегинде чара көрүлбөсө, бул боюнча банк Эл аралык третейский соттун алдындагы Соода-өндүрүш палатасына доо арыз менен кайрылып, карыздарын өндүрүп алууну көздөп жатыптыр. Азыркы күндө экс-судья Мамытов тиешелүү органдардын, банктын чакырууларына барбай жатыптыр. Кантип тиешелүү органдардан качып, жашынып таптырбай жүрөт деген суроо туулат…

3. Казакстандык үч компания: «Шынгар Транс”, “Блюс Парк”, “Инкомтранс” компаниялары жалпы 150 миң долларга жакын чыгымдарын өндүрүү аракетин көрүшүүдө.

Бул факты боюнча Алмата шаарынын сотторунун экс-судья Мамытовдун баласынын карыздары үчүн банктык эсептерин, кыймылсыз мүлктөрүн, машиналарын камакка алуу боюнча чечимдери чыккан. Азыркы учурда казакстандык компаниялар Бишкек шаарынан адвокат жалдашып, Казакстандын Алмата шаарынын сотунун чыгарган чечимдерин мыйзам чегинде, эл аралык келишим негизинде чечип жатышат. Мындан улам, Кыргызстандын соттору казакстандык коллегаларынын чечимдерин колдоп беришеби же экс-судья Мамытовдун сот системасындагы коррупция жыттанган байланыштары жеңеби деген жагдай күндүн күрөө тамыры болуп турат.

4. Экс-судья Мамытов Эмилбек бир белгилүү ИИМ генералын 60 000 долларга алдамчылык жол менен сызга отургузган. Азырынча ал генералдын аты-жөнүн айтпай туралы.

5. Бишкектеги кыргыз-казак компаниясын 1 000 000дон ашык долларга сызга отургузушуп, компанияны алдамчылык жол менен тартып алышкан.

Бул факт боюнча 2017-жылы 15-февралда Бишкек шаарынын ИИББси тарабынан кылмыш иши козголгон. Биз бул иш боюнча көп жолу жаздык. Учурда экс-судья Мамытов Эмилбек уулу Эмилбеков Мырзабек, аяшы нотариус Кожомкулова Айгүл кылмышка шектүү катары суралып жатышат.

Мына ушул мамлекетке, жеке адамдарга, бир катар фирмаларга болгон ири өлчөмдөгү карыздарынын баарын эсептеп чыксак 1650 000 доллардан ашат экен. Образдуу айтсак, экс-судьянын карызы «алтымыш эшектен» ашык жүк болот. Биз буга бирөөнүн офисин, машинасын алгандарын кошпой эле эсеп кылдык. Мындай карыз менен бул жашоодо кантип тынч уктайт дегенди ойлоп башыбыз катат. Өкүнүчтүүсү, өзүн эле эмес, үй-бүлөсүн дагы ыңгайсыз кылып жатканын түшүнбөй, ал түгүл ого бетер сазга батырып жатат десек жарашат. Анткени экс-судья өзүнүн бизнес аферасына уулу Мырзабекти, жубайы Чолпон Шаршенованы да аралаштырып, аларды дагы кир иштерге пайдаланганы өкүндүрбөй койбойт. Мындан улам, айланасында туура жол көрсөтчү жакындары, достору жокпу деген суроого жооп табуу кыйын болуп турган чак.

Р.s: Экинчи тараптын дагы ой-пикирлерине орун бергенге даярбыз. Бул туурасында ар дайым белгилеп келебиз.

Нурбол Бакасов

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: