Menu

Өзбекстанда адамдын жетиле элек клеткаларын сактоочу банк түзүлөт

Бөлүшүү:

Өзбекстанда Алдыңкы технологиялар борборунун базасында адамдын жетиле элек клеткалары сактала турган банк түзүү пландалууда. Мындай демилгени өлкөнүн Инновациялык өнүгүү министрлиги көтөрүп чыкты.

Маалыматтарга караганда, банк реестри өлкөдөгү профилдик медициналык мекемелерге анемия, онкология сыяктуу олуттуу оорулар менен жабыркаган бейтаптар үчүн жетиле элек клеткалардын үлгүлөрү бар-жоктугу тууралуу маалыматтарды берип турат.

Өлкөнүн Инновациялык өнүгүү министрлигинен билдиришкендей, лейкоз оорусу күчөп, адамдын баш мээси жабыркаган ар бир учурда анын жетиле элек клеткаларын алмаштыруу зарылдыгы келип чыгат.

«Адам үчүн жетиле элек клеткалардын альтернативдүү булагы болуп киндик кан эсептелет. Киндик кан наристе жарык дүйнөгө келгенден кийин алынат. Бул технология донордун баш мээсинин жетиле элек клеткаларын алуу процедурасына салыштырмалуу коопсуз жана көпчүлүк үчүн жеткиликтүү», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө киндик кандын жетиле элек клеткалары сакталган 170тен ашык банк иштейт. Аларда адамдын жеке өзүнүн же донорлордун жетиле элек клеткалары сакталат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: