Menu

Арнольд Шварценеггердин чыгармачылык жана саясий карьерасы

Бөлүшүү:

“Бала чагында жокчулуктун азабын көп тарткан…”

Арнольд Шварценеггер 1947-жылы 30-июлда Австриянын Таль кыштагында жарык дүйнөгө келген. Атасы Густав жергиликтүү полиция кызматынын башчысы болсо, апасы үй кожойкеси болгон.

Арнольд менен анын жалгыз агасы Мейнхард бала чагында атасынын катуу тарбиясынын алдында чоцоюшат. Турмуш-шарттын азабынан Арнольд кичинесинде өтө арык бала болгон дешет. Бир топ басма сөз беттерине берген маектеринде ал кичинесинде эси ооп кеп жыгылчумун, ачкачылыктын заарын көп тартканбыз деп айтып келет. “Анда биздин үйдө сыналгы, радио, телефон, ванна дегендерден эч нерсе жок эле. Эптеп нан таап жегенибизге ыраазы болчубуз”- дейт Арнольд. Актёр өзү жашаган кыштактагы Ганс Гросс мектебинде, андан кийин Грац шаарындагы Фробель орто мектебинде билим алат. Бир тууганы Мейнхарддан айырмаланып, Арнольд өтө эле шайыр жана элпек бала болгон. Атасы ар кандай музыкалык аспаптарда кол ойноткондуктан баласынын музыкант болуусун каалап, өз чеберчилигин үйрөтүүгө аракет жасайт. Бирок Арнольд музыкага таптакыр кызыкчу эмес.

“Ал спорттун чыныгы күйөрманы жана чебери…”

Шварценеггер 15 жашынан баштап булчундарды машыктыруучу спорт менен алектене баштаган. 20 жашында “Mr. Universe» наамына татыган жана “Мистер Олимпия” культуристтер сынагынын жеңүүчүсү болгон. Актер азыркыга чейин культуристтер чөйрөсүнүн эң көрүнүктүү спортчусу болуп эсептелет, ошондой эле ал бул спорт жөнүндө бир канча макала жана китептерди жазган. Ал Голливуддун тез аракеттүү тасмаларынын жылдызы болуп, дүйнөлүк атактуулукка жеткен. Актер 1982-жылы “Конан-Варвар” аталышындагы популярдуу кылыч жана сыйкырчылык эпикалык тасмада тарылып атактуулукка жеткен, кийин бул тасманын уландысы да тартылган.

“Терминатор” аны дүйнөнүн түгөл тарабына тааныткан…

1984-жылы Шварценеггер Жеймс Камерондун финансылык жактан ийгиликтүү жана кино сынчылар тарабынан жогору бааланган “Терминатор” аталышындагы илимий фантастикалык жанрдагы тасмасында роль аткарган. Ал “Терминатор 2 – акыр заман”, “Терминатор 3 – машиналардын көтөрүлүшү” жана “Терминатор – Генезис” тасмаларында роль жараткан. Аталган тасманын күйөрмандары кинонун кийинки бөлүктөрүн чыдамсыздык менен күтүп турушчу. Ал мындан сырткары тартылган эң ийгиликтүү тасмалар: “Коммандо”, “Чуркоочу адам”, “Жырткыч”, “Эгиздер”, “Чындыкка чакырык”, “Бала бакча полициясы” жана “Чындыкка окшош жалган” тасмалары болгон.

“Саясатта да аны терминатор катары сыпатташчу…”

Саясий чөйрөдө анын “терминатор” деген каймана аты болгон. Шварценеггер 2003-жылдын 7-октябрында атайын чакыруунун шайлоосуна биринчи жолу Калифорния штатынын акимдигине шайланып, мурдагы аким Грейс Дэвистин ордуна келген. Кийин Калифорния штатынын акиминин шайлоосунда, 2006-жылдын 7-ноябрында Шварценеггер Калифорния штатынын казыначысы демократ Фил Анжелидисти жеңип, толук акимдик мөөнөтүнө шайланган. 2007-жылдын 5-январында расмий түрдө экинчи мөөнөтүн баштаган.

2011 -жылы актер экинчи мөөнөтүн аяктап, чыгармачылык ишине кайрадан кайтып келген. Актер адамдардагы туруктуулукту жогору баалайт. Бир курдай Калифорния штатына тасма тартууга барганда аны мейманканага белгилүү бир себептер менен киргизбей коюшканда өзүнүн эстелигинин алдына барып жатып алган. Ал бул кылганы менен адамдар бийликте турган учурда ага башкача мамиле кылышып, бийликтен түшөөрү менен өзгөргөндүктөрүн далилдегенге аракеттенген. Анын күйөрмандары бул окуяны өтө кабыл алышкан.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: