Кечээ, 8-июлдун кечинде Сузак районунун Каңды айылындагы өз үйүндө бычакталып өлтүрүлгөн 11 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылган. Бул тууралу Жалал-Абад облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Өспүрүм өлтүрүлгөн үйдөн “мен сенден балаң аркылуу өчүмдү алдым” деп жазып таштап кеткен кат табылган. Андан сырткары короодогу ажатканадан аял менен эркектин канга боёлгон кийимдери жана бычак таап чыгышкан.
Бала өлтүрүлгөн учурда ата-энеси жумушта болушкан, үй-бүлө айылдагы бакубат үй-бүлөлөрдүн катарына кирет. Баланын денеси 30 жолу бычакталганы айтылууда. Өспүрүм үйдө 13 жаштагы эжеси менен гана чоогу болушкан.
Азыркы учурда өлтүрүлгөн өспүрүмдүн кошуналары менен 13 жаштагы эжеси милицияда сурак беришүүдө.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ