Menu

“Бишкек” эркин экономикалык аймагынан эмнеге инвестор качты?

Бөлүшүү:

«Бишкек» эркин экономикалык аймагы уюшулган 20 жылдан ашуун убакыттан бери андагы ишканалар төрт эсе азайганы айтылууда.

Алгач ал жерде миңден ашуун компания катталса, азыр алардын саны 300гө түшүп кеткен. Анын жарымы гана чындап иштеп жатса, алар да чет өлкөгө чыгып кетүүнү көздөп турушаары айтылууда. Буга аталган аймактагы ишканаларга берилген жеңилдиктердин жоюлушу себеп болгон. Эксперттер бул ыргак менен кетсе, эркин экономикалык аймак өзү да жоюлуп кетиши мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Ал жайда ишкерлик кылган түркиялык ишкер Парвиз Хазардын айтымына караганда чет элдик инвестор бул ортодо бизнестин жүрүшүндө чыккан маселесин эптеп чечип келгени менен, соңку жарым жылдан бери ар кандай маселелердин келип чыкканы айтат. «Бишкек», эркин экономикалык аймактын субъекти катары биздин компаниянын ишмердүүлүк мөөнөтү бүткөнчө салыктан бошотулган. Башкача айтканда мыйзамда «фирма жабылып калгыча жеңилдик алат» деп убада берилген. Кийим, 2008-жылы биздин жеңилдиктерди жоюп салышты. Нааразылыктан улам 2009-жылы жеңилдиктердин мөөнөтүн дагы он жылга узартып беришти. Натыйжада, 2018-жылдын аятында бул мөөнөт бүттү жана биз эч кандай жеңилдиксиз калдык. 2019-жылдын январь айынан баштап жергиликтүү рынокко товар сатсак 12% кошумча нарк салыгы мойнубузга илинип калды» – дейт түрк ишкери.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: