Menu

Кореядан келаткан 2 миллион сомдук товар кармалды

Бөлүшүү:

Бажы бекеттеринде сырттан ташылып кирип жаткан мыйзамсыз товарлардын кармалышынын аягы дале тыйылбай келет. Кыргыз-казак чек арасынан Корея Республикасынан мыйзамсыз ташылып келе жаткан парфюмерия товарлары да кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, 7-июлда «Чалдыбар» өткөрмө бекетинен казак жараны айдаган машиненин ичин текшеришкенде акциздик маркасы жана кыргызча же орусча аннотациясы жок 126 даана атыр табылган. Жалпы баасы 2 миллион сомдон ашуун акча экени эсептелди. Товардын тиешелүү уруксат документтери да жок болуп чыкты. Кыргызстандын базарында аткезчилик жолу менен ташылып келген товар көп экенин көз каранды эмес байкоочулар айтып келишет.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: