Учактын трапынан КР Президенти Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Данияр Мукашев тосуп алды.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда, Швейцариянын Президенти Ули Маурердин чакыруусунда расмий визит менен Швейцария Конфедерациясына келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Расмий визиттин жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын Президенти Ули Маурер, Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банкынын Төрагасы Томас Йордан менен жолугушат.
Экономика, финансы, туризм, региондорду таза суу менен камсыз кылуу жана башка чөйрөлөрдөгү документтерге кол коюу күтүлүп жатат.
Мамлекет башчысы Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугат, ага Кыргызстандан барган ишкерлер катышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ