Menu

Жеке ишкерлер саны көбөйүүдө

Бөлүшүү:

Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринин маалыматтар базасына киргизилген жеке ишкерлердин саны өткөн жылы 3,1 пайызга өскөнү белгилүү болду. 2019-жылдын 1-январына карата 401,7 миң ишкер катталган болсо, 2018-жылы аймактарда 15,3 миң ишкана иштеген, анын ичинен 14,5 миңи — чакан ишканалар, 0,8 миңи — орто ишканалар болгон. Чакан жана орто ишканалардътн 67,2 пайызы Бишкек шаарында жайгашкан. Бул жаатта 91 миң адам жумуш менен камсыз болгон.

2018-жылы чакан жана орто ишкердик субъекттеринин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 55,6 миллиард сом өлчөмүндө түзүлүп, өткөн жылга караганда 9,8 пайызга көбөйдү. Баткен, Нарын, Ош облустарындагы жана Бишкек шаарындагы ишканалар көп товар өндүрүшкөн. Чакан жана орто ишкердиктин продукцияларынын дүң чыгарылышынын түзүмүндөгү 60 пайызы дыйкан (фермер) чарбалары өндүргөн продукцияларга туура келген. Анын 60 пайызы өсүмдүк өстүрүүчү чарбалар, 39 пайызы мал чарба продукциялары болуп эсептелет.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: