Menu

Түркмөнстанда кош жарандыгы бар кишилер чет паспорт үчүн документ тапшыра албай жатат

Бөлүшүү:

Түркмөнстан Миграция кызматы кош жарандыгы бар кишилердин чет паспорт алуу укугун чектөөдө.

2015-жылдан кийин Орусия жарандыгын алган кишилерден чет паспорт үчүн документтерди кабыл алуудан баш тартышууда.

Түркмөнстан менен Орусиянын ортосунда кош жарандуулук 10 жыл сакталган жана 2003-жылы жоюлган. Тиешелүү протоколго кол коюлгандан кийин түркмөнстандыктар эки паспортунун бирөөнү гана сактап калуу укугуна ээ болушкан. Орусиянын паспорту бар түркмөн жарандарына чет паспорт берилбей калган.

Түркмөнстан менен Орусиянын ортосундагы “Кош жарандуулук маселесин жөнгө салуу жөнүндөгү келишим” 2015-жылы 18-майда токтотулган. Бирок эки өлкө 2017-жылы күзүндө кош жарандыгы бар кишилерге түркмөн чет паспортторун берүү маселесин чечүү жөнүндөгү макулдашууга жетишкен.

2003-жылдан кийин түркмөнстандык канча киши орус жарандыгын алганы расмий түрдө беймаалым. Көз карандысыз булактардын билдиришинче, алардын саны 10-12 миң болушу ыктымал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: