Menu

Паламент “аксак өрдөктүн” кейпин кийди. Таркап кеткени оңбу?”

Бөлүшүү:

– Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алуга таркап кетишти. Эл өкүлдөрүнүн кайсы иши сиздин купулуңузга толду? Эгерде сизге алардын кайра келип иштешин же иштебешин чечүү мүмкүнчүлүгү берилсе, кайсы жолду тандайт элеңиз?

Каныбек Осмоналиев, экс-депутат: “Азыркы саясий туруксуз абалдын жаралышына ЖКнын так ушул VІ-чакырылышы кунөөлүү!”

– ЖКнын депутатгары үчүн жайкы эс алуу регламентте каралган. Бул мыйзамдуу эле көрүнүш. Алардын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып, жазып деле келе жатабыз! Баардыгы алаканга салгандай эле көрүнүп турат. Көрүнүктүү иштерин баса белгилеп айта албайт экенмин. Төраганын тыянак билдирүүсүн окудум! Эч нерсе таба албадым. Күнүмдүк эле көр оокаттар.

Анан интрига, интрига жана интрига! Экс-президенттин кол тийбестиги боюнча токтомду кынтыксыз жол менен, камырдан кыл суургандай кылып кабыл алуунун ордуна, өзүлөрүнүн өч ала турган кейпине түшүрүп алгандыктары өкүнүчтүү. Сырттан карап турган адамдарга күлкү эле болушту, Араларындагы 20 чакты татыктуу депутаттарга гана убал болду! Калгандары аман болушсун! Бийликтин эң эффективдүү булагы катары эсептелген парламенттин аброюн мурда болуп көрбөгөндөй төмөнкү абалга түшүрүп жиберишти! Эми алардын акыркы, 5-сессиясы элге кыпындай дагы жаратмандык иш бере албайт. Алар кайра депутат болуп келүүнүн гана камын ойлошот. Ошондуктан, канчалык тез тарап кетишсе, карапайым элге ошончолук жакшы болот. Муну баардык прогрессивдүү көз караштагы жарандар көрүп, сезип турушат. Политологияда мындай кырдаалды «аксак өрдөк» деп коёт. Азыркы саясий туруксуз абалдын жаралышына ЖКнын так ушул VI-чакырылышы күнөөлүү! Президент дагы ойлонуп жаткандыр. Менимче элдин көбү өз тыянактарын эбак эле чыгарып коюшкан. Менимче 2020-жылкы парламенттик шайлоодо алардын ар бирине өз бааларын беришет!

Ырысбек Өмүрзаков, журналист: “Сахнага чыккансып, трибунага чыгып, элди күлдүрүп, көп жерден күйдүрүп жүрүшөт да…”

– Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алууга Жогорку Кенештин регламентине ылайык кетишти. Кармалып, “кайсы бир маселелерди чечебиз, аягына чыгабыз”, деп иштей беришсе: “Кыйратып жибергенсип, булар жайкы каникулга эмнеге кетишпейт? Кандайдыр бир кызыкчылыгы бар. Матраимов акчасын төлөп берди да”,- деп бир эле адам жазып койсо, көптөр: “Туура айтасыз! Сиздей акылман адам Кыргызстанда аз. Сиздей адам президент болуш керек”,- деп жазып колдогон сабатсыздар четтен чыгышмак.

“Раим-миллиондун иши боюнча аягына чыгыш керек болчу”,- деген билермандар болбоду беле. Бирок депутаттар базаркомдор болгону менен, тергөөчү эмес да. Жогорку Кеңеш тергөө органы эмес, мыйзам чыгаруу орган экенин депутаттар да түшүнсө, улам эле тергөө комиссияларын түзө коюп, органдардын иштерине, прокуратуранын иштерине кийилигишпей, мыйзам чыгаруу менен алектенсе, ЖКнын артынан жаман ойлор азаят эле. “Эл өкүлдөрүнүн кайсы иши сиздин купулуңузга толду?”- деген суроого, мындай деп жооп берет элем: депутатгар коркушту дейбизби, сатылып кеттишти дейбизби, Атамбаевдин тегерегиндеги чоң коррупционерлерди камаганга жол ачып беришти. Дагы бир тарыхый жасаган иштери – Атамбаевден кол тийбестикти алып коюшту. Эми ошол ишти бийлик актап, Атамбаевдин үстүнөн кылмыш ишин козгбп, тарыхыбызда болбогон албан коррупционер Атамбаевди жоопко тартса, “бийликтин эл үчүн жасаган иши”,- деп ошонусун айтат элек. Азыр болсо карапайым элде: “Жээнбеков Атамбаевден коркуп, камабай жатат”,- деп эле айтылып жатпайбы…

Эгерде мага алардын кайра келип иштешин же иштебешин чечүү мүмкүнчүлүгү берилсе, мен алар келип иштей берсин деп айтпаска айлам да жок болот эле. Ушул депутат сөрөйлөрдү эл менен мен да тандап, добушумду бергем. Партия лидерлери тизмелеринин башына нормальныйларды коюп, кийин алардын ордуна базаркомдорду алып келишет деп ким ойлоптур? Булар биздин тандообуз – парламентти таратып жибербегенден кийин, биз “кыңк!” эте албайбыз. Келип, сахнага чыккансып, трибунага чыгып, элди күлдүрүп, көп жерден күйдүрүп жүрүшөт да…

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: