Menu

“Хан-Теңиридеги” үрөй учурган кылмыш

Бөлүшүү:

4-июлда болжол менен саат 112:20 чамасында Ак-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө, телефон аркылуу Каракол шаарындагы чек-ара кызматынын аскер бөлүгүнөн белгисиз адам сырт өрөөнүндөгү Эңгилчек жайлоосунда жайгашкан “Хан-Теңири” альпинисттик лагердин башчысынын орун басары, 1970-жылы туулган А.Д. аттууну атып салгандыгы жөнүндө билдирген.

Ошол замат Ысык-Көл ОИИБдин жана Ак-Суу РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышып, териштирүү учурунда “Хан-Теңири” лагеринде кароолчу болуп иштеген Түп айылынын 29 жаштагы тургуну Сергей Смирнов “Вепрь” үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен ашканага кирип, “Хан-Теңири” лагеринин башчысынын орун басары, 48 жаштагы А.Д.ны төшүнө жана ошол эле жерден ар кандай жумушта иштеген Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну М.К.ны ич тарапка аткандыгы аныкталган.

Ошондой эле, окуя болгон учурда ашканада тамактанып отурган жылкычы, Түп районунун Тасма айылынын 33 жаштагы тургуну И.У. аттуу жаран Сергейди кармоо аракетин көргөн учурда, анын колун бычак менен кесип жибергенде, ал качып кеткендиги белгилүү болгон. Натыйжада алган жаракатынан А.Д. окуя болгон жерден каза болуп калган, ал эми М.К. чек ара заставасына медициналык жардам көрсөтүү үчүн алып бара жаткан учурда жолдон каза болгон. Окуя боюнча жүргүзүлгөн териштирүү учурунда Сергей Смирнов адамдарды атып өлтүргөндөн кийин, ошjл жерде жайгашкан чумага каршы мекемесинде иштеген, Каракол шаарынын 48 жаштагы тургуну Л.И. аттууну барымтага алып, окуя болгон жерден качып кеткендиги аныкталган.

Кылмыш турмуштук жагдайлардан улам чыккандыгы аныкталган. Бирок ички иштер органдарынын маалыматында кылмышка шектүү бир нече адамды атканда кандай абалда болгондугу: мас же маңзат колдонгондугу тууралуу айтыла элек.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: