Menu

Тоолуу-Бадахшанда тажик-кытай биргелешкен машыгуулары өтөт

Бөлүшүү:

Июль айынын аягында Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун Ишкашим районунунун Ооганстан менен чек арасына жакын аймагында тажик-кытай биргелешкен машыгуулары өтөт.

Тажикстан Коргоо министрлиги билдиргендей, машыгууга Тажикстан Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлери, Аскер аба күчтөрү, Абадан коргонуу күчтөрү жана Кытайдын Элдик-куткаруу армиясынын антитеррордук ротасы катышат.

Машыгуу учурунда авиация, бронотехникалар жана артиллериялар колдонулат. Мындай окууларды жыл сайын өткөрүп туруу пландалууда.

Акыркы жолу тажик-кытай машыгуулары 2016-жылы 10 миң аскер кызматкеринин катышуусунда өткөн.

Тажикстандын Кытай менен чек арасынын узундугу 500 чакырым.

Душанбе менен Бээжин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: