Menu

Клара Сооронкулова, Конституциялык палатанын экс-соту: “Алмаз Атамбаевдин милицияга, суракка келбей коюуга укугу жок, эгер ал көшөрө берсе мажбурлап алып келинет”

Бөлүшүү:

“Алмаз Атамбаевдин ИИМге суракка келбей коюуга укугу жок. Эгер ал мындан ары да көшөрүп, суракка келүүдөн баш тарта берсе, анда аны суракка мажбурлап алып келүү боюнча чечим чыгат. Убагы келгенде ал мындай чечим боюнча жетиштүү деңгээлде кабарландырылат”, – деп билдирди кечээ, 9-июлда Конституциялык палатынын экс-соту Клара Сооронкулова “ВБ” порталына.

“КР Жогорку Кеңешинин Алмаз Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча чечиминин үстүнөн Конституциялык палатага арызданууга болбойт. Анткени ал чечимдин үстүнөн арызданууга боло турган нормативдик-укуктук акт эмес. Бул парламенттин жеке мүнөздөгү токтому”, – деди Клара Сооронкулова.

Эсиңиздерге сала кетсек, парламенттин атамбаевчил депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана Карамат Орозовалар Жогорку Кеңештин Алмаз Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча чечимине нааразы болуп, Конституциялык палатага арызданышкан.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: