Menu

Түркияда жашаган этникалык кыргыздарга жөнөтүлө турган кыргыз тили, кол өнөрчүлүк, музыка мугалимдеринин айлык маянасын түрк тарап төлөп бермек болду

Бөлүшүү:

Кечээ, 9-июлда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмуралиевдин Түркиянын Улуттук билим берүү Министри Зия Сельчук  менен жолугушуусу болуп ѳттү. Бул тууралу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун абалын, ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы билим көпүрөсү болгон Кыргыз-Түрк “Манас” Университети өз ара пайдалуу кызматташтыктын үлгүлүү мисалы экендигин белгилешти.

Түрк тарап, Ван провинциясынын Эрджиш районунун Улуу Памир айылына Кыргызстандан келе турган кыргыз тил жана адабият, кол ѳнѳрчүлүк жана музыкадан сабак бере турган мугалимдеринин айлык маянасынын маселесин чече тургандыгы тууралуу ишендирди.

Тараптар Билим берүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө Ѳкмөттөр аралык Макулдашууга тез арада кол коюу зарылчылыгын белгилешти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: