Menu

Forbes эң көп акча тапкан атактуулардын рейтингин жарыялады

Бөлүшүү:

Американын Forbes басылмасы эң көп акча тапкан белгилүү адамдардын быйылкы рейтингин жарыялады.

Бул жылы тизменин сап башына ырчы жана актриса Тейлор Свифт жайгашкан. Анын бир жылдык кирешеси 185 миллион долларды түзгөн.

Экинчи орунга Ким Кардашьяндын сиңдиси, «Кардашьяндар үй-бүлөсү» реалити-шоусунун катышуучусу Кайли Женнер жазылган. Ал бир жыл ичинде 170 миллион доллар тапкан.

Рейтингдин үчүнчү сабына 150 миллион доллары менен рэпер Канье Уэст жайгашса, төртүнчү орунга бир жылда 127 миллион доллар киреше тапкан футболчу Леонель Месси жазылган. Булардан тышкары алдыңкы бештикке британ ырчысы Эд Ширан кирген. Анын бир жылдык кирешеси 110 миллион долларга жеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: