“Коопсуз шаар” долбоорунан төрт айдын ичинде 145 миллион сом топтолгонун өкмөттүн маалымат кызматы тастыктады. Бул мезгилдин ичинде жалпысынан 26 414 айдоочу эреже бузган. Ошончо айдоочулардын ичинен ушул күнгө чейин 42 пайызы айып төлөгөн.
Эми бул каражаттын бир бөлүгу Тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Документке ылайык, тийиштүү тараптарга бөлүштүрүлгөндөн кийин Финансы министрлигинин эсебинде калган сумманын 50 пайызы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которулат. Ал каражат тез жардам унааларын алууга, медициналык жаңы станцияларды ачууга, керектүү материалдык-техникалык жабдууларды сатып алууга жумшалмакчы.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ