Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков: Биз биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, продукцияларды Швейцарияга экспорттоону кеңейтүүбүз зарыл

Бөлүшүү:

«Биз биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, продукцияларды Швейцарияга экспорттоону кеңейтүүбүз зарыл», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 10-июлда Швейцариянын Берн шаарында ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушууда.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштар колдо бар мүмкүнчүлүктөргө шайкеш келбегенин жана Кыргызстан «ВСП+» макамынын базасында Швейцария менен кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи. Кыргызстан Швейцариянын рыногуна экологиялык таза жана сапаттуу айыл чарба продукцияларын, кийим-кечелерди жана бут кийим, ошондой эле азем буюмдарын чыгарууга даяр экенин билдирди.

«Кыргызстан менен Швейцариянын айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана кайра иштетүүчү ишканалары ортосунда түз байланыш түзүү маанилүү. Бир гана тоскоолдук — бул сертификациялоо инфраструктурасынын жана кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугу. Ошондуктан Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды, логистикалык борборлорду жана сапаттуу лабораторияларды түзүүгө чакырам», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент экономикалык өсүштүн маанилүү аспектиси катары ишенимдүү кызмат көрсөтүү чөйрөсүн атады.

«Кызмат көрсөтүү чөйрөсү Кыргызстандын экономикасында өзгөчө орунду ээлейт, ал ИДПнын 47 пайызын жана калктын 53 пайызга жакынын жумуш менен камсыз кылат. Ал эми Швейцарияда кызмат көрсөтүү ИДПнын 70 пайызга жакынын жана калктын жумуш менен камсыз болуусунун 75 пайызга жакынын түзөт. Швейцариянын каржылык кызмат көрсөтүү тармагы дүйнөлүк деңгээлдеги биринчи кластер болуп саналат, биз үчүн экономикалык абдан чоң мааниге ээ. Биз аймактарды өнүктүрүүгө багытталган каржылык институттарды ишке киргизүүдө Швейцариянын инновациялык мамилелерди колдонуу тажрыйбасын үйрөнүүнү каалайбыз», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков швейцариялык өндүрүштү Кыргызстанга тартуунун маанилүү экенин дагы бир ирет баса белгиледи.

«Биздин продукцияларды Швейцариянын аймагында чыгарылган продукцияларды кошумча нарк чынжырчасына кошуу максатыбыз бар. Ошондуктан Кыргызстандын аймагында швейцариялык технологияларга негизделген биргелешкен ишканаларды түзүүгө чакырам», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда экологиялык таза энергиянын ири запасы жайгашканын кошумчалады. Чоң жана чакан дарыялардын гидрокубаттуулугу 143 млрд кВт саатка барабар, азыр бул дараметтин 10 пайызы гана пайдаланылат.

«Биз ири жана чакан ГЭСтерди курууда аракеттерибизди бириктирүүнү сунуштайбыз. 2022–жылдан баштап, CASA-1000 долбоорунун алкагында Афганистан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттук тариф боюнча жеткирүүнү пландаштыруудабыз», — деп баса белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле ата-мекендик туристтик сектордун артыкчылыктары тууралуу кенен айтып берди.

«Кыргызстан туристтик багыттар боюнча башкы рейтингдерде алдыңкы орундарды ээлейт жана жыл өткөн сайын өз позициясын жакшыртууда. Кыргызстандагы туристтик тармак өзүнүн ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Активдүү жана дарылоо-ден соолукту чыңдоодон тартып, ишкер жана этнотуризмге чейинки ар түрдүү кызматтар көрсөтүлөт. Бизде альпинисттер, лыжачылар, мергенчилер жана Улуу Жибек Жолундагы тарыхый эстеликтерди изилдөөчү-туристтер үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөр бар. Биз дүйнө жүзүндөгү 52 өнүккөн өлкөлөргө визасыз режим бердик, анын ичинде Швейцария да бар. Кыргызстан жана Швейцария туристтик кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүүгө ресурстарды тартуу боюнча швейцариялык тажрыйбаны колдонуу багытында натыйжалуу кызматташуусу мүмкүн», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү жолугушуу өлкөлөрдүн соода-экономикалык кызматташтыгынын жаңы деңгээлге көтөрүлүшүнө жана өз ара пайдалуу долбоорлорго инвестициялардын көлөмүн арттырууга кошумча түрткү берерине ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга «Herculis Partners», «ABB Schweiz», «Tatneft Europe», «OBVIAM Investing for Impact», «Blue Orchard Finance», «Integral Petroleum», «SICPA», «Switzerland Tourism» сыяктуу ири компаниялардын, ошондой эле Швейцариянын Бириккен соода палатасынын, Швейцариянын Экономикалык иштер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) жетекчилери, өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: