Menu

Өзбекстан соту 23 жыл түрмөдө отурган саясий туткунду актаган жок

Бөлүшүү:

10-июлда Өзбекстан Жогорку сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы түрмөдө узак мөөнөт – 23 жыл отуруп чыккан саясий туткун Самандар Кукановду реаблитациялоо жөнүндө арызды канааттандырган жок.

Өзбекстан Жогорку соту төмөнкү инстанциянын өкүмүн өзгөрүүсүз калтырды.

“Каримов кеткени менен режим өзгөргөн жок. Мени актоонун ордуна, эски өкүмдү күчүндө калтырышты, анан дагы: “Эгер нааразы болсоң, арыздан” дешти… Мен эч качан кылмышкер болгон эмесмин, Каримовдун өкмөтү мага жасалма иш козгогон”, – деди Самандар Куканов.

Анын айтымында, 10-июлда сот ”Кукановго коюлган айыптардын баары далилденген, ошон үчүн аны актоого болбойт” деген токтом чыгарган.

Мурдагы парламент депутаты 1993-жылы мамлекеттин каражатын максатсыз пайдаланган деген айып менен камакка алынган. Ал 1994-жылы 20 жылга соттолуп, кийин абак мөөнөтү дагы узартылган. 75 жаштагы Куканов өзү бул иш маркум президент Ислам Каримовдун буйругу менен токулган деп эсептейт.

Борбор Азиядагы калкы эң көп, 32 миллион киши жашаган Өзбекстанды 25 жыл башкарган Ислам Каримов 2016-жылы көз жумган. Каримовдун ордуна келген Шавкат Мирзиёев көптөгөн саясий туткунду абактан бошоткон. Анын ичинде оппозициялык саясатчы Самандар Куканов эркиндикке чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: