Коомчулуктун кайсы бир бөлүгүнө береги эки аял таанымал. Өзгөчө жүрүм-турумдары менен кеп болуп келишет. Эмесе, элди эриктирбей экөөнүн жүзүнө «черткилеп» коёлу.
«Атың чыкпаса жер өрттө» дегендей, бута чейин экс-депутат Ширин Айтматова акылдан адашкандай акция жасап, Райым Матраимовдун кадыр-баркына шек келтирген сүрөт тарттырып, орунсуз сөздөрдү жаздырган болчу. Коомчулук анын мындай ыксыз жүрүшүнө итиркейи келгенин кайда жашырабыз? Ары жагында жок болсо, айла жок экен да… Эске салсак, Ширинканы 2010-жылы Өмүрбек Текебаев «Ата Мекен» партиясына атасынын кадыры үчүн киргизип, депутат кылган болчу. Кийин «атамекенчилер» түңүлүшүп, кутула албай жүрүшкөнү жалган беле? Жүрүш-турушу менен тар чөйрөнү таңгалдырганын унуттукпу? Эми болсо Райым Матраимовго карата көрүп-көрбөй үргөн «иттердин» катары суюлуп баратканда «үн кошоюн» дегени го? Эпкиндебесең коё кал!
Дагы бир жагдайга токтололу. Аз күн мурда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун кеңешчиси Гуля Алмамбетова заарасы башына тепкендей чочуп кетип, Твиттер баракчасына Райым Матраимовду жазып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп жибериптир. Мааниси, себеби жок эле былжыраган. Окугандар Гулянын психикалык саламаттыгынан шек санашып, баш чайкашты. Бул уятсыз мурда да депутат Махабат Мавлянованы ашатып, кайра элдешүүнү оозанганда эле түңүлгөнбүз. Бишкек мэри Суракматов дал ушундай богооз катынды кеңешчи кылып жүргөнү таңгалычтуу. Шефин да сөгүп атып мээсин айлантып койгондон сообу? «Эшегине жараша тушагы» дейт. «Сен досуңду көрсөтчү, ким экенинди айтып берейин» дегендей, окшошконго мушташкандар үйүгүшүп алышса, анан кантип шаар көйгөйү чечилмек эле?
«Кой аксагы менен миң» дегендей, эл ичинен эси жоктордун чыкканы ушулбу? Булар мораль, этиканы уруп ойношпойт окшойт. Кайран жер кантип көтөрөт мындай эки аяктууларды?..
Сакен Бөрүбаев
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ