Menu

Жантөрө Сатыбалдиев, экс-премьер-министр: “Эмнеге бизди сотко кылмышкерлердей кылып, колубузга кишен салып алып келесиңер?

Бөлүшүү:

“Соттун имаратын милиция менен курчап коюпсуңар, бизди болсо бул жакка  кылмышкерлердей, кол кишен менен байлап алып келесиңер. Биз али кылмышкер деп атала элекпиз да, күнөөсүздүктүн презумпциясы кайда? Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча эч ким мыйзам бузган эмес. Сотто кытай тарап жок. Эми бизге кишен эле салып койгула. Анан мен суроо да, жооп да бербейм. Мага скотч бергиле, мен оозумду да желимдеп алайын. Бийлик гуманизация тууралу айтпай эле койсун”, – деп билдирди кечээ, 10-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция фактылары боюнча кылмыш ишинин сот процессинде.

“Соттолуп жаткандарды сотко жеткирүүнүн баарына бирдей жалпы эрежеси бар, сот аны өзгөртө албайт”, – деп жооп берди судья Инара Гилязетдинова.

Азыркы учурда бул кылмыш ишинин алкагында УКМКнын абагында экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, экс-министр Осмонбек Артыкбаев, тармактык жетекчилер Салайдин Авазов, Айбек Калиевдер  олтурушат.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: