Menu

Депутат Абжалиевдин уулуна байланыштуу кырсыкты эмнеге “тумандатышты”?

Бөлүшүү:

Кырсык ар бир адамдын башында бар. Бирок, кандай гана кырдаал болбосун ачык-айкындуулук зарыл. Ысык-Көлдө ЖК депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобековго таандык БМВ Х-7 унаасы катуу ылдамдыкта баратып, «Лексус 300» үлгүсүндөгү жеңил унааны сүзгөн. Окуя 7-июлда таңга маал 04:35те болгону кабарланган эле. Натыйжада, күлгүндөй болгон 4 бала каза болду. Алгач кырсык катталгандан тарта эле тийешелүү органдар маалыматты жашырып-жабууга жандалбасташканы, элдин кыжырына ойношкону эмнеси? Кеп – Абжалиевдин уулу рулда болгонбу, же болгон эмеспи? Ичимдик ичишкенби? Соо беле? Суроолор арбып кетти. «Артык кылабыз деп тыртык кылгандай» болбой, реалдуу чындыкгы элге жеткизиши керек болчу. Эң башкы маселе ушунда. Андан кийин гана укуктук жагы каралат, балким, маркумдардын туугандары менен элдешүү жолу болобу же?..

Кубат Карачев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: