Menu

Сагынбек Абдрахманов, КСДПнын лидери: “Иса Өмүркулов менен Чыныбай Турсунбеков биздин пикирлеш болгон эмес”

Бөлүшүү:

—Сагынбек мырза, өзүңүздүн орун басарыңыз Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө ачылган «Элдик штабда» жүрөт. Сиздин катарыңызда жүргөндөр дагы мурунку лидерге ооп кетиштиби?

—Атамбаевдин үйүндө жүргөн партиялаштарыбыз Асель Кодуранова, Айбек Азыранкулов, Ирина Карамушкина баарыбыз КСДПнын эң кыйын күндөрүндө бирге болгонбуз. Мүмкүн, булар Атамбаевге материалдык жактан көз каранды болуп, ошол адамдын жанында жүрүшкөндүр. Ушул партиялаштар чакыргандан кийин өзүң айтып жаткан менин орун басарым дагы барды да. Ар бир адамдын өзүнүн көз карашы бар. Мүмкүн, ал дагы өзүнүн көз карашын айтайын, ал жердеги айтылып жаткан сөздөрдү угайын деп баргандыр. Мен аны туура эмес кадамга барды деп эсептебейм.

—Силердин катардан кеткен жокпу?

—Кеткен жок. Эмнеге кетмек эле? Ал жерге баргандардын баары «Барыштын кереги жок. Ал жакта партиянын идеясы, принцип деген жок. Бир гана Атамбаевдин асманды чапчыган амбициясы» деп айтып келип жатышат. Чындыгында ошондо болуп жатпайбы.

—Айбек Азыранкуловдун Атамбаевдин балдары же инилери менен чогуу бизнеси жок беле?

—Айбектин Атамбаевдин иниси Эмил менен бизнеси бар. Балким, ошол бизнеси үчүн байланышып жүрөбү деп ойлойм.

—Сиздин азыркы акыбалыңызды карап туруп, КСДПнын Иса Өмүркулов, Чыныбай Турсунбековго окшогон көрүнүктүү адамдары силерден алыстап кеткендей сезилип жатат. Алар менен сиз жетектеген КСДП байланышты үздүбү?

—Иса Өмүркулов эч качан биз менен пикирлеш болгон эмес. Чыныбай Турсунбеков жакындабаган дагы. Чыныбай Акунович эч качан КСДПнын идеясы үчүн жүрбөгөн. Ал партияга өзүнүн байлыгын жогорулатайын деп келген. Аны биз менен башынан эле пикирлеш болуп жүргөн деп айта албайм.

—Жакында эле «Медиа Форум» ААКсынын мурдагы юристи Муратбек Жапаров «Атамбаев Кой-Таштагы хансарайын КСДПнын акчасына салган» деп айтып чыкты. Сиз бул тууралуу иликтөө жүргүзөсүзбү?

—Мен бул версияны мурун эле айтып келген болчумун. КСДПнын кассасына түшкөн акча, мүлкү кайда? Кимде? Партияга демөөрчүлөрдөн, финансылык топтордон акча түшүп атты да. Алар Атамбаев үчүн берген эмес. Атамбаев болсо түшкөн акчаларды жеке кызыкчылыгына жумшаган. Биз мунун баарын иликтейбиз, жөн калтырбайбыз. Партиянын мөөрүн, күбөлүгүн алгандан кийин акчалар кандай чыгымдалганын сурайбыз. Партиянын мурунку бухгалтери качып кетти. Аны өмүрүнө коркунуч жаралды, ошон үчүн качып кетти деген калп. Бухгалтер катары кылынган иштерге жооп берүүдөн качып кетти. Кой-Таштагы хансарай партиянын акчасына салынган деген шек бар. Аны партиянын мүлкү деп эсептейбиз.

—Партияга ошондой чоң суммадагы акча жардам берчүлөр болгон деп ойлойсузбу?

—Бул жашыруун сыр эмес. Партиянын катарына Атамбаев бийликке келгенден кийин кирген олигархтар, каржы топтор акча берип жатышты да.

—Парламентге олтурган КСДП фракциясындагы олигархтар миллиондоп акча беришкен деп жатасызбы?

—Бир гана КСДП фракциясындагы олигархтар эмес, башка фракциядагы олигархтар дагы КСДП партиясына акча берген. Атамбаев депутаттарды «чимкирик» деп айтып жатпайбы. Билген үчүн ошентип айтууда.

Маектешкен: Темирлан Токтоболотов

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: