Menu

Финпол өлкөдөн чыгарылып кетти делген 700 миллион АКШ доллары боюнча алгачкы маалыматты таратты

Бөлүшүү:

Өлкөнүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы, түшүнүктүү тил менен айтканда Финпол кызматы: «700 миллион долларды чыгаруу жөнүндө финпол Матраимовдун фондуна акча которулганын тастыктаган жок» деген тыянакка келди. «Исмаил Матраимов» атындагы кайрымдуулук фондунун жана бир тууган Матраимдордун айланасындагы каржылык иштер боюнча уу-дуу кептер боюнча Финпол дыкат иликтеп чыгып, өлкөдөн чыгарылып кетти деген 700 миллион АКШ долларына Матраимдордун тиешеси болушу мүмкүн деген жоромолго далил табылбаганы айтылды…

Жогоруда сөз болгондой бир тууган Матраимовдор тууралуу материалдар экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан иликтенип, анын жыйынтыгы орус тилинде жарыяланды. Биз ал материалды кыргызчага которуп гезит бетинен орун бердик…

Тергөө тарабынан Али Токтакуновдон 22 миллион 721,3 миң долларга банктын документтери алынды. Бирок журналисттик иликтөөлөр учурунда көрсөтүлгөн жана оозеки айтылган негизги документтер пакети эмгиче ал тарабынан көрсөтүлө элек. «Тергөөчүлөр тарабынан бир катар республикадагы банктардын финансылык операциялары кылдат каралды. Тилекке каршы алар тууралуу ачыкка чыгарууга болбойт. Банктык мекемелер номерлөө менен белгиленет:

Банк № 1 ИП Saimaiti Aierken (Айеркен Саймаити) расчеттук эсеби бар, 2011-жылдан 2014-жылга чейин Ош филиалында 130 взнос болгон. Взностордун жалпы суммасы 22 миллион 496,1 миң долларды түзгөн. Алардын ичинде киргизилген 1 миллион 414,5 миң сом жана 85 миллион 910 миң рубль. Эсепти кошумчалоого физикалык жактар жана ИП Saimaiti Aierken өзү катышкан», — деп айтты финпол.

Мындан тышкары 22 миллион 496,1 миң долларга Түркияга, Кытайга, Бириккен Араб Эмираттарына (ОАЭ), Германияга, Латвияга жана Орусияга 105 акча которуулар белгиленген. Төлөмдөр текстилдик продуктулар үчүн келишимдин негизинде болгон.

Банк № 2 ИП Saimaiti Aierken расчеттук эсеби бар, 2010 -жылдан 2015 -жылга чейин 368 миллион 16,7 миң долларга 1 миң 280 взносту ишке ашырган. Эсентерди кошумчалоого ИПSaimaiti Aierken өзү катышкан. Бул эсептен 367 миллион 567,4 миң долларга акча каражаттары 1 миң 702 которуулар аркылуу Түркияга, Кытайга, Бириккен Араб Эмираттарына (ОАЭ), Германияга, Улуу Британияга жана Нидерландыга которулган. Төлөмдөр текстилдик продуктулар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк № 3 ИП  Saimaiti Aierken расчеттук эсеби бар, 2015 -жылдан 2018-жылга чейин 80 миллион 780 миң сомго 52 взнос ишке ашкан. Эсептерди кошумчалоого өзү ИП Saimaiti Aierken, менен бирге ЧП Wufuli Bumailiyamu жана физикалык жактар катышкан. ИП Saimaiti Aierken акча каражат-тарын 52 которуулар аркылуу ишке ашырган. Төлөмдөр текстилдик продуктулар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк № 4 ИП Saimaiti Aierken эсебине 2011-жылдан 2013-жылга чейин 14 миллион 611,4 миң сомдук 96 взнос жүргүзүлгөн. Акча 70 которуу жолу аркылуу Кытайга кеткен. Төлөмдөр текстилдик продуктулар үчүн контракттын негизинде болгон.

№ 4 ИП Saimaiti Aierken  расчеттук эсеби бар, 2011-жылдан 2015-жылга чейин Араван филиалында 6 миллион 538,1 миң сомго 5 взнос ишке ашкан. Эсептерди кошумчалоого өзу ИП Saimaiti Aierken менен физикалык жактар катышкан. ИП Saimaiti Aierken акча каражаттарын 5 которуулар аркылуу ишке ашырган. Төлөмдөр текстилдик продуктулар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк № 5 ИП Saimaiti Aierken 2014-жылдын ичинде эсебине 9 миллион 577,5 миң долларлык 16 взностун негизинде 21 акча которуу жолу менен Латвияга которулган. Төлөмдөр текстилдик продуктулар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк № 6 ИП Saimaiti Aierken эсебине 2011-жылдан 2013-жылга чейин 14 миллион 611,4 миң сомдук 96 взнос жүргүзүлгөн. Акча 70 которуу жолу аркылуу Кытайга кеткен. Төлөмдөр текстилдик продуктулар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк № 7 ИП Saimaiti Aierken 2010-2015-жылдардын ичинде эсебине 10 миллион 424,1 миң долларлык 78 взностун негизинде болгон. Кийинчерек 10 миллион 39,4 миң доллар 78 акча которуу жолу менен Түркия, Кытай, ОАЭ, Германияга которулган. Төлөмдөр текстилдик продуктулар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк № 8 ИП Saimaiti Aierken 2014- жылдын ичинде жебине 61 миллион 116 миң долларлык 215 взностун негизинде 216 которуу жолу менен Түркия, Кытай, ОАЭ, Латвия, Германияга которулган. Төлөмдөр текстилдик продуктулар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк № 9 «Абдыраз» ЖЧКсы расчеттук эсеби бар счет, 2014-жылдын ичинде 6 миллион 903,9миң долларга 17 взнос жасаган. Алардын ичинде 68,6 миллион доллары ИП Saimaiti Aierken 17 акча которуу жолу менен аркылуу Түркияга, Кытайга, Бириккен Араб Эмираттарына (ОАЭ), Германияга, Улуу Британияга, Британ-Виргин аралдарына, Белизге, Панамага жана Казакстанга которулган. Төлөмдөр курулуш материалдары, тетиктер, тамак-аш продуктулар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк № 10 ЧП Wufuli Bumailiyamu расчеттук эсеби болгон, 2014 -жылдан 2015-жылга чейин 26 миллион 434,4 миң долларга 113 взнос ишке ашкан. Алардын ичинде 25,8 миллион доллар 104 акча которуу жолу менен Кытайга кеткен. Төлөмдөр текстилдик продуктулар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк № 11 «Абдыраз» ЖЧКсы расчеттук эсеби бар счет, 2014 -2019 жылдын ичинде 118 миллион 197 миң долларга 301 взнос жасаган. Алардын ичинде 117 миллион 726,2 миң доллары ИП Saimaiti Aierken 321 акча которуу жолу менен аркылуу Түркияга, Кытайга, Бириккен Араб Эмираттарына (ОАЭ), Германияга, Улуу Британияга которулган. Төлөмдөр текстилдик продуктулар үчүн контракттын негизинде болгон. Бардык физикалык жана юридикалык тараптан 519 миллион 560,3 миң долларга 2 миң 303 взностор болгон. Акча которуу учурунда доллар менен катар башка валюталар да болгон жыйынтыгында 646 миллион 879,6 миң доллар конвертицияланышкан. «ИП Saimaiti Aierken, ОсОО «Абдыраз» ЖЧКсы жана ЧП Wufuli Bumailiyamu расчеттук эсеби тарабынан контракт аркылуу чет мамлекеттерге 2 миң 631 акча которуулар болгон. Булар тиешелүү салыктарын төлөдүбү, бул боюнча териштирүүлөр болуп жатат»,-деп айтышты Финнолдо. Текшерүү учурунда белгиленгендей Saimaiti Aierken жана ПИ Wufuli Bumailiyamu физикалык жүздөр тарабынан – Исмаил Матраимов атындагы Фонд» Кайрымдуулук Фондунүн дарегине 2.3 миллион доллар которулду» деген маалымат жалган болуп чыкты, бул туура эмес фактты банктык которуулардын жалган документтери менен элди ишендирүү максатында журналисттик иликтөөлөр учурунда тасма репортажда көрсөтүлүп жана айтылган. «Бирок «Исмаил Матраимов атындагы Фонд» Кайрымдуулук Фондунун дарегиндеги 100 миң доллар бар экени Wufuli Bumailiyamu 2016-жылдын июнь айында 99,9 миң доллар которгону тууралуу банк документтери аркылуу тастыкталды. Ошондуктан, «Азаттыктын» тасма иликтөөлөрүндөгү элге айтылган бардык документтерди көрсөтүшүн суранып, талап кылабыз. Бул документтер болсо тергөө иштерине өтө зарыл талап кылынып турат»- деп ГСБЭП баса белгилеп кетти. Финпол «Исмаил Матраимов атындагы Фонд» Кайрымдуулук Фондунун иш-аракетин кылдат текшерди. Бул экономикалык иш-аракет жүргүзбөстөн кайрымдуулук менен гана иш жүргүзөөрү белгилүү. Республикадагы банктардын биринде расчеттук эсеби бар, келишим боюнча өз каалоосу менен кайрымдуулук кылгандардын негизинде акча каражаттары куралат. 2014-жылдан 2019 -жылга чейин келишимдин негизинде бул фондго өз каалоосу менен кайрымдуулук кылган ар кайсы физикалык жана юридикалык тараптардын акчаларынын негизинде $1 миллион 439 миң доллар жана 221,6 миң сом болгон. «Азыркы учурда сотко чейинки зарыл иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат, сотко чейинки өндүрүшкө кереги тие турган банктык жана бухгалтердик документтердин зор пакети анализден өтүп жатат» -деп жыйынтыктады Финпол.

Маалыматтарга таянсак, ошентип Финпол тарабынан Матраимовдордун фондуна 2,3 миллион которулганы тууралуу жалаа бекемделген жок. «Азаттык» бул суммага тиешелүү өз документтерин азырынча ачыкка чыгара элек. «Азаттык»тарабынан алоолонтуп от жагып жаткан Saimaitiден фондго которулган 2.3 млн тууралуу документтер фейктен алынганы тууралуу тележурналист Алканова ачыкка чыгарган. Алканованын айтуусунда Saimaitiнин Кыргызстандан чет мамлекетке которгондордун документтери чыныгы болуп саналат. «Азаттык» финполдун пресс-релизинин өзүнө керектүү бөлүгүн гана жарыя кылды, ал эми «24.кг», «Кактус» толугу менен беришип, финпол Матраимовдун фондуна 2,3 миллион которбогону тууралуу баса белгилеп, «Азаттыктан» бул боюнча документтерин көрсөтүүнү талап кылып жатышат. Саясат таануучулар үчүн: Финпол Saimaiti 646 миллион долларды Кыргызстандан чет мамлекетке которгондугун далилдеди.

Бул акчаны капчыкка салып алып чыккан жок. Азыр бул акчалар кайдан пайда болгону жана салык төлөгөнү тууралуу текшерилип жатат. Бир гана салык төлөгөнү аркылуу финпол акчаны легалдуу табылганын билсе болот. Эгер салыктар төлөнбөгөн болсо, Saimaitiге иш козголуп, акча кайдан табылганы тууралуу текшерүүлөр башталат.

Экономикалык обзор үчүн: «Азаттык» өз жаңылыктарында «акчаны алып чыгып кетти» деген сөздү көп колдонуп жатат. Чет мамлекетке акча которду» деген терминди «алып чыкты» деген термин менен алмаштырууга болбойт. Минтип каржылык (финансылык) жактан сабатсыз адамдар айтат. «Алып чыкты» ден качан мыйзамсыз табылган акчаларды мыйзамсыз которгондо айтса болот. Финпол азырынча бул акчалар мыйзамсыз экенин бекемдей элек жана бул акчаларга салык толөнгөнү тууралуу иликтеп жатат. Мындан соң бул акчалар кайдан табылганын иликтейт.

Баса, айрым такталган маалыматтарга таяна турган болсок «Исмаил Матраимов атындагы Фонд» Кайрымдуулук Фондунда акчалар жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө, мечиттерге, снорт аянтчаларына сарпталат. Мындай кайрымдуулук иштерине кулагы тикчийип көлөкөдөн көрүнүп турган 8аітаііі Аіегкепдин тийешеси жок экен-дигн айтылса, Матраимовдорго эмес Saimaiti Aierkenдин атынан Кыргызстандагы бир нече фонддорго акча келип түшкөнү каңкууланууда. Андан сырткары ким Кайрымдуулук иштери менен алектенгиси келсе өздөрү булакты таап, ишмердүүлүгүн жүргүзө берсе болот ага Матраимовдор тоскоолдук кылбайт.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: