Menu

Балбак Түлөбаев өзүн ким сезет?

Бөлүшүү:

Балбак мырза Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы болгондон бери өзүн келечектеги мэр катары көрүп алды. Мэр Суракматов эмес, өзү иштеп жаткандай өзүн ыңгайы келсе да, келбесе да пиарлагандын кыныгын алды. Ошол эле кезде кол алдында иштегендерди каарып, жемелеп чокчоңдогонду адатка айландырып алганы көптөн бери айтылып, сынга алынууда. Жыйын сайын өзүн көрсөтүш үчүн “иштесеңер иштегиле, иштебесеңер кеткиле” деп, жумурткадан кыр издеп куйкасын куруштурса жанына киши чыдап тура албайт. Дал ушул Чокчолой баатыр болгон көнгөн адатын телеканалдардын жетекчилерине көрсөтө коём деп шермендеси чыкты. Башкача айтканда, Бишкек суу канал ишканасынын сууну үнөмдөө боюнча роликтерин телеканалдарга милдеттүү түрдө чыгаргыла дегендей буйрук иретинде кат жазып, “сен бизге буйрук кылгандай кимсиң” дегендей жооп угуп шагы сынган.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: