Menu

Видео – Алмаз Атамбаев: “Саткынчылык кыргыздын чоңдорунун канында бар экен, тайраңдап жатышат, чыдап туралы, аз эле калды”

Бөлүшүү:

“Мен Германияга барганда “Манас” эпосунун эң биринчи жазылган версиясын алып келгем, Радловдун вариантын. Анан аны бастырып чыгарайын деп, окугандан кийин токтотуп койгом. Себеби, Манас жарадар болуп, алдан тайып бийликтен кетет да, ошондо аны жанындагылардын баары сатат да”, – деп билдирди Алмаз Атамбаев бүгүн, 12-июлда Кой-Таштагы үйүнүн алдына чогулган тарапкерлеринин алдында.
“Ошол Радловдун версиясында эч нерсесин катпай, баарын жазыптыр да. Каныкей кырк чорого кайрылса, кырк чоро да качат. Баарынан коркунучтуусу Бакай атага барса, ал “Каныкей мен сага айран уурдап берейин” деп Бакай ата да качат. Ошондо чыгарбаганыма азыр өкүнүп жатам да, илгерки манасычылар кыргыздын аткаминерлери саткын болорун ошондо эле билип айтышкан экен. “Манаска окшогондорду сатат, сатпагыла!” деп чыгарыптыр да. Мен болсо кур намыска алдырып чыгарбай койгом. Мобу күндөр өткөндөн кийин сөзсүз чыгарайын деп жатам. Менде ошол Радловдун эки томдугу бар. Кантип ушундай болсун, уят деп чыгарбай койгом. Манасты баары сатып кетишет. Мен албетте Манас эмесмин, бирок азыр да ошондой болуп жатат, Абыке, Көбөштөр сатып жатышат… Кыргыздын элитасынын канында бар турбайбы ошондой саткындык. Каныкей 40 чоронун ар бирине барат да, баары качып кетет. Ошону окуп, кантип ушундай болсун деп уялып чыгарбай койгом, эми чыгарам. Баарынан да Бакай атабыздын айтканы уят “айран уурдап берейин, Бухарага жолуңду көрсөтүп берейин” деп. Ошону кыргыздын чоңдору үчүн чыгарыш керек экен, ошондо кыргыздын чоңдору сатканды токтотот. Кыргыздын чоңдорунун канында калыптыр да “сатыш керек” деген, азыр да. Сатпагандар не нормальный экен да. Жанагы 11 спикер жазгандай… Ал китепти Академия да чыгарыш керек, ар бир кыргыз окуп-билсин, кыргыздын чоңдору саткын болорун, чоңдор оңолмоюнча биз оңолбойбуз… Саткынчылык уят нерсе, саткан адам жаман дегендин ордуна, саткандарды көкөлөтүп, өстүрүп, чоңойтуп жатат да. Мына азыр ошого таң каласын да. Абыке, Көбөштөрдүн заманы азыр, тайраңдап жатышат да, аз калды, чыдап туралы… Бүгүн казактар бир килтейген бука берип жиберишиптир, тигине байлап койдук,” – деди Алмаз Атамбаев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: