Menu

Нураида Анаркулова Таиландда жаштардын Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынды

Бөлүшүү:

12-июлда Таиланддан дагы бир сүйүнүчтүү кабар келди.

Кыргызстандык балбан кыз Нураида Анаркулова бул күндөрү Таиланддын Чонбури шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында финалга чейин жетип, экинчи орунду ээлеп, күмүш медалдын ээси болду.

Кечээ, 12-июлда дагы беш салмак боюнча кыздар арасында байгелер үчүн күч сынашуулар курч мүнөздө өттү. Кыргызстандын атынан бул күнү Диана Жакыпбек кызы (65 кг.), Айбике Артыкалы кызы (62 кг.) жана Нураида Анаркулова (57 кг.) мелдешке чыгып, күч сынашты. Түшкө чейинки мыктыларды иреп алуу таймаштарында 57 кг. салмакта Нураида Анаркулова  индиялык Бхарти Багелди 7:5, жарым финалда вьетнамдык Зи Май Транг Нгуйенди 3:2 эсеби менен жеңип, финалдык беттешүүгө жолун ачкан. Ал түштөн кийин 16.00дө баш байге үчүн жапониялык – (Andoriahanako Sawa) Андориаханако Сава  менен алтын байге үчүн күч сынашып, атаандашына алдырып коюп, күмүш байгелүү болду.

Айбике Артыкалы кызы 62 килограмм салмакта алгач чейрек финалда жапониялык Атена Кодамага жеңилип калган. Бирок жапон кызы финалга чыккандыктан Артыкалы кызына коло байге үчүн таймашка чыгууга жол ачылган эле.  Айбике Артыкалы кызы коло байге үчүн казакстандык Ирина Кузнецова  менен күч сынашып, курч таймашууда 9:11 эсебинде теңата күрөшүп, акыркы мүнөттөрдө атаандашына алдырып коюп, 5-орун менен чектелди. Бул Азия чемпионаты Айбике үчүн тажрыйба топтоонун үлгүсү болду.

Ал эми Даяна Жакыпбек кызы (65 кг.)  Кытай Тайбэйинин өкүлү Хсин Пинг Пайдан  жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калды.

Таиландда кыргызстандык 5 балбан кызды СССР спорт чебери, Кыргызстандын кыз-келиндер эркин күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев баштап барып, дем-күч берип, кеп-кеңешин айтып, килемге коштоп чыгып жүрдү.

11-июлда кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова (68 кг.)  жаштар арасында Азиянын үчүнчү ирет чемпиону аталса, Назира Марсбек кызы күмүш медалдын ээси болгон.

Жаштар арасындагы Азия чемпионатына 5 кыз барса, анын үчөө байгелүү орундарды ээлегени чоң жетишкендик болуп саналат. Алар 1 алтын, 2 күмүш медаль утуп, Кыргызстандагы кыздар күрөшүнүн деңгээли өскөнүн далилдей алышты.

Чынында эле кыздар күрөшүнө башкы машыктыруучу, Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Нурбек Изабеков келгенден бери кыздарыбыздын чеберчилиги, деңгээли өсүп, кыздарды күрөшкө болгон кызыгуусу артты. Буга Айсулуу Тыныбекованын ийгиликтери да кыздардын күрөшкө болгон кызыгуусун ойготту. Айсулуунун жолун жолдоону самаган кыздар арбыды.

Эми балбан кыздар үчүн чоң сыноо  турат.Быйыл 14-22-сентябрда  Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында дүйнө чемпионаты болот. Мында 2020-жылкы Токио олимпиадасына жолдомолор ойнотулат. Кыздар ушул дүйнө чемпионатында ийгилик жаратып, олимпиадага жолдомо алышса, байгелүү орундарга үмүт кылсак болот.

Буга чейин 9-10-июлда Таиланддагы жаштар арасындагы Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, кыргыз балбандарынан Акылбек Талантбеков (77 кг.) жана Нуржигит Кеңешбек уулу күмүш байгенин ээси болгон.

Бүгүн, 13-июлда жигиттер арасында эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын таймаштар башталат. Мында Кыргызстандын намысын 10 балбан коргойт.  Алар: 57 кг.  салмакта Тайырбек Жумашбек уулу,  61 кг.  салмакта Икром Хаджимуратов, 65 кг – Орозбек Токтомамбетов, 70 кг – Атай Мамалиев, 74 кг – Нуртилек Карыпбаев, 79 кг – Кубат Азизбаев, 86 кг – Байсал Кубатов, 92 кг – Сымбат Сулайманов, 97 кг – Арсланбек Турдубеков жана  125 кг. оор салмакта Камиль Джумаза күч сынашат. Жаш балбандарды эл аралык спорт чебери, Азия оюндарынын күмүш байге ээси, улук устат Нурдин Дөңбаев баштап барды.  Эми 10 балбандан кимдин жылдызы жанып, кыздардан кем болбой байге алышаарын алдыгады мелдештер көрсөтөөр…

Азия чемпионатында кыргызстандык калыс Айбек Акматов дагы калыстык кылууда.

Жаштар арасындагы Азия чемпионаты Таиландда 9-июлда башталган. Күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионаты 14-июлда жыйынтыкталат.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: