Бүгүн, 13-июль күнү кечинде Алмаз Атамбаев Кой-Таштагы үйүнө, аны коргоо үчүн келген 150дей тарапкерине шаардан артисттерди чакырып, “Бириксек колдон келет!” деген аталыштагы эки сааттык концерт берди.
Эмнегедир, белгилүү эстрада “жылдыздары” келгени байкалган жок. Экинчи катардагы, элге анча белгисиз артисттер гана болушту.
Концерттин учурунда Атамбаевдин фанаты Алга Кылычов да артисттик жөндөмүн көрсөтүп ырдап берди.
Концерттин аяк ченинде Алмаз Атамбаев өзү баш болуп, жубайы Раиса Атамбаева төш болуп бийге чыгышты.
Концертке Атамбаевдерден сырткары депутаттар Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина да көрүүчү катары катышышты.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ