Menu

Атамбаев Москвага учканы даярданууда

Бөлүшүү:

11-июль күнү Швейцариядан кайтып келатып КР Президенти  Сооронбай Жээнбеков авиабилети Москва аркылуу болгондуктан орус президенти Владимир Путинге кирип, жолуга келген. Ал жолугууда негизги сүйлөшүүлөр бүткөндөн кийин: “Алмаз такыр чектен чыкты, мыйзамды сыйлабайт, укук коргоо органдары суракка чакырса келбейт, өлкөдө бейстабилдүүлүктү жаратып жатат.  Буга чейин сиз суранганыңыздан улам мен укук коргоо органдарынан суранып жүрдүм. Эми укук коргоо органдарын мен да токтото албайм” деп агынан жарылыптыр.

Анда Владимир Путин: “бир аз коё турунуз, мен аны Москвага чакыртып алып же тилин “кыскартам” же ушул жакта биротоло калтырам” деп суранган. Айтканындай эле Атамбаевге Бельянинов досу телефон чалып, Москвага чакырыптыр. Атамбаев азыр кыргыздын алтын, бензин бизнестерин тартып берген орусиялык бизнесмен досторунун биринин самолетун жөнөткүлө деп суранып жатат, Москвага менчик самолет менен учат экен. Бельянинов досу тосуп алып, анын абалын жеткиликтүү тил менен түшүндүрүшөт дешет.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: