Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда 80 жаштагы Тухтамиш Султонов жогорку окуу жайына документ тапшырды.
Ал Самарканд мамлекеттик университетинин биологиядан сабак берүү медодикасын, ошондой эле Ташкент медициналык академиясынын Термез филиалынын дарылоо жана педиатрия факультетин тандады.
Буга чейин Өзбекстанда 72 жана 78 жаштагы пенсионерлер жогорку окуу жайларына документ тапшырганы кабарланган.
Өзбекстанда быйыл абитуриенттер үчүн жаш курак чектөөсү жоюлду жана бир эле учурда бир багытта үч жогорку окуу жайына тапшырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошол эле маалда тест бир гана жолу жүргүзүлөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ