Menu

Кыргыз Республикасы Кимберли процессин сертификациялоо схемасына кошулду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасы Кимберли процессин сертификациялоо эл аралык схемасына кошулду. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Бул чечим баалуу таштарды Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагына ташып кирүү жана Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан ташып чыгуу жөнүндө Жобону ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Мындан улам Кыргыз Республикасынын «Баалуу металлдар жана баалуу таштар жөнүндө» Мыйзамынын 9-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Кимберли процессин сертификациялоо эл аралык схемасына кошулууга макулдугун билдирүү жана муну менен бирге Кимберли процессин сертификациялоо эл аралык схемасын эске алуу менен тиркемеге ылайык иштетилбеген табигый алмаздарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу Эрежелерин бекитүү чечими кабыл алынды.

Кимберли процесси – эл аралык өкмөттөр аралык демилге, негизги максаты дүйнөлүк рынокко «кандуу» же «чырлуу» деп аталган алмаздардын – мыйзамсыз алынган, аларды сатуудан түшкөн каражаттар аймактык чатактарды жана эл аралык террористтик топторду каржылоого багытталган баалуу таштардын кирүүсүнө каршы күрөшүү болуп саналат.

Кимберли процесси эл аралык уюм болуп саналбайт, анын туруктуу кеңсеси же туруктуу кызматкерлери жок.

Кимберли процессинин алкагында алмаздарды сатууну жөнгө салган негизги документ – Кимберли процессинин Сертификациялоо схемасы. Анын максаты – мыйзамсыз алынган алмаздарды, анын ичинде куралдуу жаңжалдар аймактарында кадимки товар жүгүртүүгө аралашуусун четтетүү.

Кимберли процессине кошулган мамлекет өзүнүн улуттук шарттарына, каакда-салттарына жана алмаз рыногундагы ордуна ылайык улуттук сертификациялоо схемаларын иштеп чыгышат жана ишке ашырышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: