Menu

Депутаттардын уулдарына сот жокпу?

Бөлүшүү:

Мындан 5-6 жыл мурда депутат Иса Өмүркуловдун уулу ушул маалда Ысык-Көлдөн жолтандабасы менен келе жатып, көлгө бара жаткан жеңил унаа менен кагылышкан эле. Ал кырсыкта да чырактай болгон эки жигит жана бир кыз көз жумган. Күнөө депутаттын уулунда болгондуктан Иса Шейшенкулович түн жамына кырсык болгон жерге жетип барып, абал менен таанышып, каза болгон балдардын ата-энесинин астынан өтүп, кечирим сурап уулун абактан куткарып калган. Укканыбызга караганда Иса мырзанын уулу тарабынан мындай кырсыктар биринчи эле жолу эмес экен. Атакесинин арты менен ошол кездеги Атамбаевдин сотторунан кутулса да, алланын сотунан кутула албайт! Баары бир кан коё бербейт. Мына быйыл да депутат Алиярбек Абжалиевдин уулунун жана анын кымбат баалуу унаасы катышкан жол кырсыгы катталды. Бул жолку кырсыкта 3 эмес, 4 чырактай бала бул өмүр менен кош айтышты. Абжалиевдердин аулети биринин үйүнө басып барган жок. Кабар алган жок. Кайра күнөөнү өлгөндөргө оодарып, эч нерсе болбогондой басып жүрөт. Абжалиевдин бул кылыгын карап туруп, Өмүркулов адамгерчиликтүү экен деп калдык. Дегенибиз Исакебиз ошол замат ар биринин үйүнө барып, кечирим сурап, бардык чыгымдарын көтөрүп бергени айтылып келет. Абжалиевдер болсо тергөөгө кысым кылып, күнөөнү экинчи тарапка оодарып, коомчулукту таң калтырууда. Кырсык деген кырсык. Күнөө кимисинде экенин бир гана кудай жана катышуучулар билет. Эгер күнөөлүү болсоңор мойнуңарга алгыла. Пендечилик кылып жабыр тарткандарга барып койгула. Бир жериңер кемип калбайт. Кан баары бир коё бербейт!

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: