Menu

Алмазбек Атамбаев суракка барса камайбы?

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаевди эки жолу суракка чакырып, бирок мурдагы президент экөөндө тең барган жок. Мекеме Атамбаевге биринчи чакырууну 8-июлда, экинчисин 10-июлда жиберген. Кой-Таштагы үйүнүн алдында тарапташтары менен жолугушкан Атамбаев суракка батрбай турганын аитып, буга азыркы бийликке ишенбестигин жана мыйзамсыз иштер болуп жатканын жүйө келтирди.

Айылчы Сарыбаев, серепчи:

– Азыр бул боюнча бир нерсе деп айтыш кыйын. Бизде ушул күнгө чейин башаламан болуп келип бүгүн эле мыйзам иштеген өлкө болуп калган жокпуз да. Финансист катары акча капиталын чогултуунун 14-кылымдагы жапайы же мыйзамсыз жолдору жүрүп жатат деп айта алам. ИИМдин ичинде эмне деген ой бар, кандай ишке барат бир кудай өзү эле билбесе менимче өздөрү деле билбесе керек. Айтор будуң-чаң заман.

Жолборс Жоробеков, коомдук ишмер:

– Коркконго кош көрүнөт деген сөз азыркы учурда Атамбаевге тийиштүү сөз болуп турат. Атамбаев жок жерден эле коркуп жатат. Өзү президент болуп турган кезде укуктук мамлекет куруш керек, мыйзам менен жашаш керек деп айтчу эмес беле. Өзүнүн убагында Текебаев баш болгон бир топ саясатчыны буйдалап эле каматып салбадыбы. Элди да өзүндөй көрүп жатат. Барып, ар бир суроого жооп бериши керек болчу. Менин жеке оюмча бир күндө эле камап койбойт. Бул процесс көпкө созулат. Ал учурда Атамбаев өзүнө-өзү кол салат же жинди болуп калганга чейин барат. Анткени, анын тантырак, чалды-куйду сөздөрү кийинки кадамын тастыктап коюп жатат. Ошол себептен мен акыркы күндөрү Атамбаев жөнүндө пикир айткандан оолак болуп калдым.

Клара Сооронкулова, юрист:

– Процесстин ар бир катышуучусу сөзсүз түрдө тергөөнүн талабын аткарышы керек экендиги мыйзамда көрсөтүлгөн. Эгер ага баш ийбесе мамлекеттик органдардын мажбурлап болсо да алып келүүгө укугу бар.

Акылбек Жапаров, ЖКнын депутаты:

– Кыргызстандын жараны болгон соң ал өлкөнүн мыйзамдарын сакташы керек, баш ийиши керек. Эгер мыйзамга баш ийбесек, кимге баш ийебиз? Анын үстүнө Атамбаев алты миллион элдин оор жүгүн мойнуна алып, өлкө башкарса, анан үлгү болуш керек болчу. Өзү «мыйзамга баш ийгиле» деп, ошонун гаранты болду. Азыр туура эмес болуп атат. Сен каалайсыңбы, каалабайсыңбы, мыйзам иштей берет. Эми бийлик мыйзамды сактап, дагы бир чакыруу жиберип, болбосо сотко кайрылып өз ишин кыла бериши керек.

Арстан Алай Абдылдаев, ишкер:

Тергөөчүнүн чакыруусунан эле качып кутулбайт А.Атамбаев жеген-ичкенин кусуп, чет өлкөгө алып чыгып кеткен алтынын, долларларды, карапайым элдин ырыскысын берип кутулуусу керек. Улук элдин улуу жолуна жолто болду. Досун, жакындарын бийликке алып келгендиги үчүн да Кудай алдында да, карапайым элдин алдын да күнөөлүү. Камайт Атамбаевди. Эгер камай албаса бийликтин алсыздыгы.

Гүлмира Шаршеева

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: