Menu

Министр айым кыргыз улутуна каршыбы?

Бөлүшүү:

Акыркы айларда коомчулукта Билим берүү жана илим министрлиги Кудайбердиеванын жана анын кол алдындагылардын кылыктары талкууга алынды. Дегенибиз ката басылган сертификат, аттестат, баннердеги жазылган каталар. Айтор ашмалтайы чыгып бүттү. Мынча тайраңдаган министрди көрбөптүрбүз. Африканын жогорку окуу жайларынын биринде: “Улутту жок кылуу үчүн, күчтүү жана узакка учкан ракета учуруу же атомдук бомба жардыруу керек эмес, улутту жок кылуу үчүн окуучулардын билимин төмөндөтүп, окуу сапатын начарлатыш керек”-деп жазылып турат. Себеби билими начар врачтын колунан адам өлөт, билими тайкы инженердин курулушу кулайт, билими жок бухгалтер, финансисттер акчаны жок кылышат, билими жок соттордун, юристтердин айынан адилеттүүлүк жок болуп, акчага алмашат. Ошентип улут курут болот. Жок болот. Билим алуу ийне менен кудук казгандай дечү элек. Азыр эмне болду? Билимдин баркы кетти, баары сатылма.

Урматтуу өлкө башчы! Урматтуу өкмөт башчы! Билим берүүнүн кыйрашы – улуттун кыйрашы! Улутту сактап калалы.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: