Menu

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Өзбекстан Премьер-министринин орун басары Эльёр Ганиев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү

Бөлүшүү:

10-14-июлунда Ош шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Эльёр Ганиевдин катышуусунда Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сызыгын чийүү боюнча сунуштар талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик чек ара тилкесинин айрым тилкелерин биргелешип талаада текшерүү өткөрүү макулдашылды. Сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүшүү жана достук маанайда өттү.

Кийинки жолугушуу Өзбекстан Республикасынын аймагында пландаштырылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: