Menu

Кочкордо мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду коргоо штабы ачылды

Бөлүшүү:

Нарындын Кочкор районунда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду коргоо боюнча штаб ачылды. Экс-премьердин кичи мекениндеги жеке менчик үйлөрдүн бирине ачылган штабга каалоочулар барып, аны абактан бошотууну талап кылган кайрылууга кол коюп келсе болот.

Бул тууралуу Исаков мүчө болгон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди:

– Кочкор районунун тургундарынын өз демилгеси менен ачылды. Алар президентке кайрылып, ишти калыс кароону сурап жатышат.

Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү жемкорлукка тиешеси бар деп, 2018-жылы камалган. Кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланып жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: