Menu

Наманган аэропортунда Орусияга кетип жаткан мигранттарга баяндар айтылууда

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Наманган аэропортунда имамдар Орусияга кетип жаткан мигранттарды «түрдүү азгырыктардан алыс болууга», «жубайларынын көзүнө чөп салбоого» жана «террордук уюмдардын таасирине берилбөөгө» чакырган баяндарды айтып жатышат.

Facebook социалдык түйүнүнө жарыяланган видеодо имамдардын биринин жүргүнчүлөргө төмөндөгүдөй сөздөрдү айтып жатканын угууга болот: «Азыр башка өлкөлөргө барган жарандардын арасында интернет аркылуу түрдүү адамдардын сөздөрүнө азгырылып, арзыбаган акча үчүн динин саткандар көп болууда. Мусулман мындай кылбашы керек. Эгер ал кичинекей кезинде эле Аллахка ишене турганын билдирген болсо, анда бул жолдон өмүрүнүн аягына чейин чыкпашы керек».

Андан соң имам жүргүнчүлөргө «мусулман Ата Мекенин, улутун сатпашы керектигин жана жубайынын көзүнө чөп салбоого тийиш экенин» эскерткен.

«Наманган» эл аралык аэропортунун өкүлү аба майданда Орусияга кетип жаткан жүргүнчүлөр үчүн баян айтуу иш-чарасы өлкөнүн Дин иштери боюнча комитети даярдаган атайын мамлекеттик программанын негизинде өткөрүлүп жатканын айтты. «Көчөдө бардык жүргүнчүлөрдү чогултууга мүмкүн эмес. Ошондуктан баяндар жүргүнчүлөр каттоодон өткөндөн кийин күтүү залдарында айтылууда», — деди аэропорттун өкүлү.

Акыркы кездери Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгы Орусияда иштеп жүргөн жарандарынын арасында диний үгүттү күчөтүүдө. Буга чейин өзбек имамдарынан турган топ өзбекстандык мигранттарга диний баяндарды айтуу үчүн Орусиянын Свердлов облусуна барып келгени кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: