Бул тууралуу бүгүн КР Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев пресс-конференцияда билдирди. Жогорудагы өсүүгө жетүү үчүн өкмөт койгон талаптарды аткаруу керек. Алыбаевдин айтымында экономикада өсүү болууда. Анын пикиринде 2019-жылдын биринчи жарымында экономикадагы өсүү 6,4% катталып, бул «Кумтөрдү» кошпогондо 2,5% деп билдирди. «Эгерде сырткы секторду карасак, экспорт 3,7% жетти. Импорттун көлөмү төмөндөп 4,7% түздү», – деп билдирди ал. Экономика министрлигиндеги макроэкономикалык саясат башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев жылдын аягында эмнеге экономикада төмөндө болорун түшүндүрдү.
«Биз «Кумтөрсүз» өсүү деңгээлин 3,6% болжоп, а алтын кени менен – 4% деп болжоодобуз. Эмнеге биринчи жарым жылдыкта өсүү жогору, анткени «Кумтөр» былтыркы жылдын төртүнчү кварталында көп алтын казышкан. Ошондуктан, 2019-жылы өсүү көп», -деп билдирди ал.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ