Экс-президент Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайындагы колдоочуларынын арасы суюла түштү. Буга чейин Атамбаевди атайын Таластан колдоп келген жүздөн ашуун спортсмен балдар хан сарайды таштап кетишти. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” демекчи, таластыктардын кетишинин себепкери Мээрбек Мискенбаев экен. Мээрбек таластыктардын ынтымагын бузгусу келдиби же шефине жагынайын дедиби, айтор таластык балдарды катуу таарынтыптыр. Таарынычы алардын ичинде калды. Таластыктарың да, ичкисин сыртына чыгара бербеген эл болот эмеспи. “Кулактуу болом деп мүйүзүнөн айрылат» – дегендей, эми Мээрбек таластыктардан колдоо издеп, аны эч ким колдобой, тууган-туушкандарын “колдоп койгула” деп кыдырып жүргөнүн эшиттик. Колдоп келгендерди барктабай, башкасын издегенге жолуң болсун баатыр. Колдо бар алтындын баркы жок болдубу?
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ