Menu

Германиянын коргоо министри Еврокомиссияны жетектейт

Бөлүшүү:

Германиянын коргоо министри Урсула фон дер Ляйен Европа комиссиясынын башчысы кызматына шайланды. Бул тууралуу Politico басылмасы кабарлады.

Фон дер Ляйен жаңы кызматына 1-ноябрдан баштап киришет. Европа биримдигинин (ЕБ) жогорку аткаруу органы эсептелген бул мекемени буга чейин люксембургдук Жан-Клода Юнкер жетектеп келген.

Фон дер Ляйен Германиянын коргоо министри кызматын бүгүн 17-июлда тапшырып берет. Ал тарыхта Европа комиссиясын жетектеген алгачкы аял саясатчы болуп калат.

Фон дер Ляйендин бул кызматка дайындалышын 383 депутат колдоп, 327си каршы болду. Анын талапкерлиги ЕБдин үч күнгө созулган саммитинин жана Европа парламентиндеги дебаттардын жыйынтыгында тандалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: