Menu

Бусурманкул Табалдиев кримтөбөлдү качырууга катышкандыгы үчүн өзү да качтыбы?

Бөлүшүү:

Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы, УКМКнын экс-төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу ушул жумада ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова кабарлады.

– ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул ишке байланыштуу Бусурманкул Табалдиевдин кайда экени аныкталбагандыктан издөө жарыяланды,- деди Аманкулова.

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушуна байланыштуу иште аты аталган Бусурманкул Табалдиевди укук коргоо органдары таппай жатышканын, ал Түркияга чыгып кетиши ыктымал экенин айрым жергиликтүү маалымат булактары жазышты.

Табалдиев кримтөбөл Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда абактан бошогон 2013-жылы Коргоо кеңешинин (азыркы Коопсуздук кеңеши) катчысы болуп иштеген. Бирок анын бул иш боюнча суракка чакырылып-чакырылбаганы айтылган эмес.

Б.Табалдиевдин А.Батукаевдин мыйзамсыз бошотулуусуна тиешеси бар экендиги мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун да айтып келет. Ага ылайык, кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы бошотулуп, коомчулукта нааразычылык пикирлер жаралганда телефон чалып, “А. Батукаев туура эле бошотулду…”,- деген мааниде маалымат берип коюсун, бул ал кездеги президент А.Атамбаевдин өзүнүн өтүнүчү экендигин айткан. Эгер таза болсо, Б.Табалдиев качпайт эле да?

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: