Menu

Кубанычбек Исабеков, коомдук ишмер: “Ушундай бир адамдар болот эмеспи, жарык дүйнөгө келгенине нааразы болгон. Атамбаев да ошондой”

Бөлүшүү:

– Кубанычбек Сатындиевич, учурдагы саясий кырдаал тууралуу оюуңузду угалы дегенбиз? Айтсаңыз, азыр өлкөбүздө саясый абал кандай?

– Учурдагы саясый кырдаал тынч көрүнгөнү менен кооптуу. Атамбаев өзү президент болуп турганда “кол тийбестик эч кимде болбошу керек, кимден коргонобуз” деп кыйкырганы көпчүлүктүн эсинде болсо керек. Эми анын баары унутулуп, тергөөгө чакырса барбай, кайра өзү качып жатат. Жөн оокатын кылбай, кайра башкаруу жүргүзүү ниети менен кол бала кылып алгысы келип, өкмөт башчыны өзү коюп, Жогорку Кеңешти өзү тандаган. Эми минтип “чимкирик” деп отурат. Жогорку Кеңештеги депутаттардын 100 пайызын өзү электен өткөрүп чыккан. Мен өзүм күбө болгон эле окуяны айтайын. Шайлоодо бир партия менен мен дагы өз талапкерлигимди койгом. Бирок, аталган партия мени өз катарларынан чыгарбаса анда жеңишке жетишпейсиңер деген коркутуулар менен соодалашканга чейин барышкан.

Чындыгында Атамбаев менен менин аласа-бересем деле жок. Ал табийгатынан ушундай адам, туулгандан баарына оппозиция. Ушундай бир адамдар болот эмеспи, жарык дүйнөгө келгенине нааразы болгон. Атамбаев мына ошол адамдардын бирөөсү.

– Атамбаевдин саясий портретин кандай сүрөттөйсүз?

– Атамбаев кайсы бийлик келбесин башында чогуу иштешип, аягында оппозиция болуп чыга келет. Мына Акаевдин убагын алып көрөлү, алгач Акаев менен чогуу иштешип, кийин ага “элдешкис” душман болду. Андан соң Бакиевдин убагында митингге чыккан каршылаштары сатып, “көпүрө” болуп, премьер-министрлик кызматтына жетти. Мына ошондо Атамбаев Бакиевдин өкмөт башчысы болуп турган кезде кайдагы сөздүн баарын айтканы элдин эсинде. Ал гана эмес, Ала-Тоо аянтына боз үй тигип, нааразычылык акциясын уюштуруп, аянтка чыккан бир топ эл камакка алынган. Ал кезде Ички иштер министри Ногойбаев боз үйлөрдү унааларга салып кетип, элди күч менен таратышкан.

Ошондо Атамбаев аянтка келип, Россиянын “ОРТ”, “РТР” каналдарына митингге чыккан кишилерди малга теңеп, “моча в голову ударила, вот они вышли” деп интервью берген. Россиянын каналдары бизди шылдыңдап, тынымсыз көрсөткөн. Анда Текебаев, Сариев, Бекназаров көптөгөн аттуу-баштуу саясатчылар бар эле, баарын “малсыңар” деп шылдыңга алган сөздөрүн айткан. Бул кишиде уят жок.

Азыр кичине чыр чыгып, кан төгүлүп кетсе буга пайда. “Атышам, куралым бар” деп өзү айтып жатпайбы. 2010-жылы апрель революциясында бир топ куралдар, июнь айындагы кыргыз-өзбек улут аралык тополоңдо бир топ куралдар жоголгон. Мына ошолордун дайыны эми чыгышы мүмкүн.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: