Menu

Өлкөгө 183 млн. сом зыян келтирген майнинг-ферма аныкталды

Бөлүшүү:

Бишкекте бир канча кичи райондорго жете турган электр энергиясын пайдаланган, өлкө бюджетине 183 млн. сомдон ашуун зыян келтирген майнинг-ферма аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай учур Кыргызстанда биринчи жолу катталып жатат. Факт «Салык төлөөдөн качуу», «Кылмыштуу кирешени (каражаттарды) адалдоо» беренелеринин негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Маалыматка караганда, Кытай жана Кыргызстандын жарандары компьютердик программаларды иштеп чыгуу жана аларды изилдөө лабораториясы деген негизде Т.Ц. аттуу ишкана ачып иштеп келишкен. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, бул топ өздөрүнүн санарип акча, криптовалюта (биткоин) түзүү боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жүргөнү аныкталган. Муну менен катар алар эсептеп чыгаруучу системаны, телекоммуникацияны жана байланыштагы жаңы каражаттарды (компьютердик жабдуулар-блокчейн) колдонушкан.

Кыргызстандын жараны ишкананын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон жана ал майнинг-фермага электр энергиясын жеткирип берген. Ортомчулук кызматы үчүн компания 2018-жылы 21 млн. сом киреше тапкан жана салык төлөгөн эмес.

Т.Ц. мекемесин тинтүү маалында 8 миңден ашуун күнү түнү электр энергиясына жана Интернетке байланышып турган ар кандай моделдеги майнер табылган. Ишкананын жетекчилиги ага уруксат берген документтерди көрсөтө алган эмес. Ошондой эле электр энергиясын пайдалануу нормадан ашканы, болжол менен 6-7 мегаватты түзгөнү белгиленет. Анын баасы айына 13-14 млн. сомду түзгөн. Муну Бишкектин бир канча кичирайондору пайдаланган электр энергиясына салыштырса болот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: