Menu

Казакстанда кесиптик кошуундун төрагасы жети жылга соттолду

Бөлүшүү:

17-июлда Шымкентте көз карандысыз “Татыктуу эмгек” кесиптик кошуунунун төрагасы Ерлан Балтабай уюмдун акчасын кымыруу айыбы менен 7 жылга эркинен ажыратылды. Балтабай күнөөсүн мойнуна алган жок.

Сот учурунда Ерлан Балтабай өкүм боюнча соттун түшүндүрмөсүн угуудан баш тартып, жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыларын билдирди. Полиция кызматкерлери анын колуна кишен салып, залдан алып чыгып кетишти.

Соттолуучу жалпы режимдеги түрмөдө жазасын өтөйт. Өкүм али күчүнө кире элек.

Бул иште жабырлануучу катары өтүп жаткан кесиптик кошуундун мурдагы мүчөсү Роза Нурекеева өкүм тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. Ерлан Балтабай жана анын адвокаттары мыйзам боюнча кесиптик кошуундун мүчөлөрү мүчөлүк акыны кайтарып алууга акысы жок экенин билдиришти.

Ерлан Балтабай уюмдун акчасын уурдабаганын, бирок 2015-жылы кесиптик кошуундун иши токтотулгандыгына байланыштуу топтолгон каражатты сактоо боюнча чара көрүүгө аргасыз болгонун айтты. “Татыктуу эмгек” кесиптик кошууну 2014-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча кайра катталуу талаптарын аткара алган эмес.

Балбатай 2017-жылы Женевада өткөн Эл аралык эмгек конференциясында көз карандысыз кошуундарга көрсөтүлгөн кысым боюнча баяндама жасаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: