Menu

Токмоктогу депутаттардын ызы-чуусу. Самаев Токмокту “сапырып” жатабы?

Бөлүшүү:

Эки күн мурун Токмок шаарынын айланасындагы айылдардын тургундары коопсуздугуна кабатыр болуп, соттун имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар укук коргоо органдары тарабынан куугунтук күчөп, жергиликтүү жаштарга негизсиз айыптар коюлуп жатканын айтышты. Чогулгандар бул басымдын артында Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев турат деп эсептешерин билдиришти. Эске сала кетсек, бир жылдан бери Токмоктун Мээнеткеч айылында жаштардын тиреши басыла элек. 8-июль күнү аталган айылдын тургундары Талант Жамангулов менен Бакыт Токтогуловдун ортосунда чатак чыгып, Токтогулов катуу токмок жеп реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Бул чатакты Жамангулов өзү баштап, жан-жөкөрлөрү менен бирге Токтогуловду токмоктоп салгандан көп өтпөй, өзү да ооруканага жатып алган. Милиция суракты чоң муштум Жамангуловдон эмес, таяк жеген Токтогуловдон баштап, көпчүлүктүн кыжырын келтирген. Милициянын айтымында таяк жеген Токтогулов мас абалында болгон, ал эми бир нече жанжөкөрү менен сабаган Жамангуловдун мээси “чайкалып” кеткен экен. Бул боюнча дарыгерлердин да атайын бүтүмү бар экен. Айыл тургундары анын мээси чайкалды дегенге ишенбейт, жөн гана анткорлонуп, милициянын баарын колго алып койгон деп айтышууда. Эске сала кетсек, Талант Жамангулов Токмок шаардык кеңешинин депутаты Тынай Жансейитовдун ишинде жабыркоочу катары өтүп жүрөт. Ал бир жыл мурун Токмоктогу мал базарда Жансейитов менен чатакташа кетип, бычак жеген. Бул окуядан кийин Тынай Жансейитов жети ай издөөдө жүрүп, быйыл апрель айында өзү милицияга келип, үй камагына чыккан эле. Кылмыш иши кайрадан каралып жаткан. Токмок шаардык сотунун имаратынын алдына нааразычылык акциясына чыккандар Тынай Жансейитовду каматуу маселесинде парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынан депутат Урматбек Самаевдин кызыкчылыгы бар деп билдиришкен. Ошондой эле, Самаев Токмок шаардык милициясын сатып алып, милицияга жең ичинен көрсөтмө берип жатканы, Токтогуловду токмоктогон Жамангуловду колдоп, ал аркылуу КСДПдан жергиликтүү кеңештин депутаты Жансейитовго басым жасап жатканы айтылат. Жергиликтүү байкоочулар Токмок шаарында «Кыргызстан» менен КСДПнын ортосунда башынан таасир талаш бар экенин белгилеп жүрүшөт. Самаев өзүнө карата айтылып жаткан мындай кептердин баарын четке кагып, бул ызы-чууга тийешеси жок экенин айтып жатат. Канча актанганы менен акыркы учурда Самаевдин Токмоктогу токтобой келаткан ызы-чууда карааны “калкып” көрүнүп, ошонун артынан ал калың элге таанылып калды. Болбосо аны буга чейин депутаттык ишмердүүлүгү менен эч ким деле тааныбайт эле. Белгилей кетсек, анын каймана аты “Чемпион”. Анын контрабандалык иштерге да аралашканы айтылып жүрөт. Депутат Канат Исаевдин ишенген кол балдарынын бири. Исаев аны жакында Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрайымынын орун басары кылууга жетишкен. Кылмыштуулук, коррупция менен күрөшүп, тартип орното турган эл өкүлүнүн кылган кылыктары бул болсо, анда эл “карышкырга кой кайтартып жатат”- деп түшүнсөк болобу? Кыскасы, акыркы учурларда депутат Урмат Самаевдин аты мына ушундай ызы-чууда көп аталып, көп сынга алынууда. Аны колдоп жаткан Канат Исаев баштаган бир катар абройлуу адамдардын да беделине шек кетүүдө. Самаев Токмокту минтип “сапыра” берсе, анын арты жакшы болбос…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: