Menu

Депутаттар сууга болгон акыны көтөрүүнү көздөп жатышат

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык кеңеши аз күн мурун сууга жана канализацияга болгон тарифтерди жогорулатуу тууралуу долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Шаардык кеңештин депутаттарынын сунушу кабыл алынса, анда таза суунун бир куб метри бишкектиктер үчүн бир жарым эсеге кымбаттайт, тактап айтканда — 5,38 сомдон 8,1 сомго чейин. Бюджеттик уюмдар үчун тариф 7,38 сомдон 9,1 сомго, ал эми башка уюмдар үчүн 9,15 сомдон 13 сомго чейин жогорулатылат. Ошондой эле, депутаттар каналазацияга болгон тарифти да көтөрүүнү сунушташты — анын баасы 1,2 сомдон 2,3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Бааларды көбөйтүү боюнча сунуштун себебин депутаттар азыркы тарифтер өзүн-өзү актабайт ден түшүндүрүштү. Мэриянын маалыматы боюнча, «Бишкек суу канал» акыркы жылдары 80 млн. сомдон ашык чыгым тартып жатат.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: