Menu

Испания Өзбекстанга велотуризмди өнүктүрүүнү сунуштады

Бөлүшүү:

Испаниянын Truebasport компаниясы Өзбекстанда велосипед туризмин өнүктүрүүнү сунуштады. Бул тууралуу Өзбекстандын туристтик потенциалын жогорулатууга арналган иш-чара маалында аталган компаниянын башчысы Фермин Труба билдирди.

Өзбекстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитети тарабынан уюштурулган иш-чарага аталган мекеменин, Өзбекстандын Велосипед спорту федерациясынын өкүлдөрү, ошондой эле Truebasport компаниясынын башчысы Фермин Труба менен менеджери Оскар Кантеро катышкан. Жолугушуунун жүрүшүндө Туризмди өнүктүрүү комитетинин өкүлдөрү Truebasport компаниясынын жетекчилерине Tour de Silk Road долбоору боюнча биргелешкен эл аралык велосипед экскурсиясын уюштурууну сунушташты.

«Испаниялык өнөктөштөр жана Туризмди өнүктүрүү комитети менен биргеликте ишке ашыруу каралып жаткан бул долбоор туристтердин Өзбекстанда саякаттоосун жеңилдетүүгө жана ыңгайлуу кылууга мүмкүндүк түзөт. Мындан тышкары ал өлкөдө эл аралык велоспед инфраструктурасын уюштурууга жардам берет», — деп билдирди Өзбекстандын Велосипед спорту федерациясынын бөлүм башчысы Хуршид Отакулов.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу боло турган бул долбоорду ишке ашыруу тууралуу пикир алмашты. Долбоор жакынкы күндөрү өлкө жетекчилигинин кароосуна сунушталары кабарланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: