Menu

Орозбек Молдалиев, коомдук ишмер: “Атамбаев “Кокон хандыгы” дегенде өзүнө сөз тийет. Себеби, Кокон хандыгына өзүнүн тиешеси көбүрөөк…”

Бөлүшүү:

Коомдук ишмер Орозбек Молдалиев экс-президент А.Атамбаевдин акыркы кездеги билдирүүлөрүн сынга алды.

Анын айтымында Атамбаевдин элди чогултуп алып, “колхоз башкарып калды”, “кокон хандыгы башкарып жатат” деген далили жок сөздөрдү сүйлөгөнүнүн өзү туура эмес. Анан да 6 жыл эл башкарган, 60тан ашып, пайгамбар жашына келген киши салабаттуу орду менен сүйлөш керек.

– Сүйлөсө эле эл ишене бербейт, Кокон хандыгы дегенде тескерисинче өзүнө сөз тийип калат. Себеби, Кокон хандыгына өзүнүн тиешеси көбүрөөк. Тегин Кыяз (Молдокасымов) оңдоп-түздөп койгону менен элдин арасында айтылган сөз жокко чыккан жок. Ооба, “Кокон хандыгы” деген “намек” башка багытта айтылды, ары жагын түшүндүк, бул элди бөлүп-жаруу менен барабар. Тарых чындыгында биз Кокон хандыгында болгонбуз, бизге бөлөк-бөтөн нерсе эмес. Хандарды кыргыздар кызматка койгон.

Оппозицияда жүргөн кезинде анча-мынча айтып койчу, эл көп көңүл бурчу эмес. Мисалы, “Каттанини” башка сөз менен айтканы эмне деген маданиятсыздык, Москвадан окуган кишинин айтар сөзүбү? Алты жыл эл башкарды. Анан да 60тан ашып пайгамбар жашына келген киши салабаттуу орду менен сүйлөш керек да.

Атамбаев сын таккандай өзү адилет башкардыбы? Журналисттер ооз ачалбай калбады беле? Миллиондогон айыптарды салып сөз эркиндигин муунтуп салганын танабы?

Сөздү тыйган кыргыздын тарыхында болгон эмес, “Баш кесмек бар, тил кесмек жок” деп келген. Жүйөлүү сөзгө жыгылган. Атамбаевдин Туйгуналы досунун айтканы чындыкка жакындап, психикалык ден соолугунан шек жаратат. Көп пландары ишке ашпай калганы нервдик клеткаларга оор келген окшойт. Эми биз ушундан сабак алып, Батыштын практикасы менен мамлекеттеги жооптуу кызматка бараткан адамдарды медициналык кароодон өткөрүү практикасын киргизишибиз керек экен, – деди Орозбек Молдалиев.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: