Menu

Эмне үчүн Текебаевдин соту 21-августка жылдырылды?

Бөлүшүү:

Жогорку сотто 16-июлда карала турган Өмүрбек Текебаевдин иши 21-августка жылдырылды. «Ата Мекен» партиясынын жактоочулары нааразычылык келтирүүдө. Эми ЖМКларда, соцтармактарда активдүү иштегенге аракет кылышат. Эске салсак, буга чейин Текебаевдин иши оң жагына чечилери болжонуп, эркиндикке чыга турганы айтылып аткан. А эмне үчүн сотту жылдырып коюшту? Биздин баамыбызда, соңку убакта Алмазбек Атамбаев менен бийликтин тиреши жумшарганы, ортого тышкы чоң күчтөрдүн аралашканы, чегине жетип бараткан кырдаалды кайсы бир деңгээлде турукташтырып, эки тарапты жайгаруу маселеси коюлганын болжосок болот. Албетте, бул саясый оюндун жүрүшү ачык айтылбайт. Мындай шартта Текебаевди түрмөдөн чыгарып жиберүү бийлик үчүн кооптуу болушу ыктымал. Атамбаев менен бир жаңсыл болуу, балким элдешүү иш-аракеттери жолго коюлса, анда Текебаевди темир тор артында дагы кармап турууга негиз түзүлөт. Кандай жагдай болбосун, Атамбаев да, Текебаев да бул бийликке акыры оппозиция болору шексиз. Ошон үчүн Акүй билермандары экөөнү тең саясый аренадан алсыратууга, керек болсо сүрүп салууга далбасташат. Себеби, 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» менен КСДП баары бир элди бурууга, бийликтин партияларын өткөзбөө үчүн катуу күрөшкө барышат. Мындай шартта душмандарды «кебез менен мууздагандай» кылууга, алдыртан жайлоо амалдары көрүлөрү шексиз.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: