Menu

HRW: Казакстанда майып балдардын укугу бузулууда

Бөлүшүү:

Казакстанда интернат тибиндеги мекемелерде мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга физикалык күч колдонулат, мажбурлап дары-дармек берилет, ал жердегилер өздөрүн коопсуз сезишпейт. Бул тууралуу эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму билдирди. Уюмдун баяндамасы 17-июлда жарыяланды.

Баяндамада “Казакстан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга тишелүү камкордук көрүп, алардын жабык мекемелерде эмес, үй-бүлөдө тарбияланышына шарт түзүшү керек” деп жазылган.

Уюм өкүлдөрү 2017-2019-жылдар аралыгында интернатта тарбияланган балдар, тарбиячылар жана ата-энелер менен сүйлөшкөн. Укук коргоочулардын суроолоруна жооп берген өспүрүмдөр уруп-согууга туш болушарын, мажбурлап дары-дармек берилерин, өздөрүнөн кичүү балдарды карашарын, имаратты тазалашарын билдиришкен.

Мындай мекемелердин кызматкерлери балдарды тынчтандыруу үчүн психотроптук препараттар колдонуларын, тил укпагандар психиатриалык клиникаларга жөнөтүлөрүн тастыкташкан. Баяндаманын авторлорунун белгилешинче, мындай препараттар адатта шизофренияны дарылоодо, уйку бузулганда же оору такыр басылбай жаткан маалда колдонулат.

Расмий маалыматтар боюнча Казакстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган интернат тибиндеги 19 мамлекеттик мекеме бар. Бул жерлерде эки минден ашуун бала тарбияланат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: